Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:57

АТУУЛДУК КООМ ПАРЛАМЕНТТЕН ЖАРДАМ СУРАЙТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Юстиция министрлиги Башмыйзамдын 8-беренесине таянып, айрым бейөкмөт уюмдарды кайра каттоодон баш тартууда. Ал эми атуулдук коомдун өкүлдөрү Башмыйзамдын бул беренесинин 6-бөлүкчөсүнө түшүндүрмө берүүнү суранып, кыргыз парламентине кайрылууну чечишти.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун кеңсесинде 10-октябрда чакан “тегерек үстөл” болуп өттү. Ага бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, журналисттер жана депутаттар катышып, кийинки учурларда Юстиция министрлиги менен атуулдук коомдун ортосунда болуп аткан карама-каршылыктар тууралуу сөз болду. Белгилүү болгондой, Юстиция министрлиги айрым бейөкмөт уюмдарды кайра каттоодон өтүүгө чакырып, Башмыйзамдын жаңы редакциясына таянып, айрымдарын каттабай коюуда.

«Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясын каттоодон Юстиция министрлиги үч жолу баш тартканы белгилүү. Муну министрлик Башмыйзамдын 8-беренеси менен түшүндүргөн. Юстиция министринин орун басары Нурлан Алымбаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, Башмыйзамдын 8-беренеси боюнча Кыргызстанда саясий максаттагы ар кандай уюмдарды түзгөнгө уруксат жок. Анын айтымында, Юстиция министрлиги мыйзамдын тилиндеги ишти жасап атат. Бирок акыры «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы каттоодон өттү. Эми ушундай эле тагдырга Адам укуктары боюнча кыргыз комитети тушугуп отурат. Бул бейөкмөт уюмду Юстиция министрлиги каттоодон баш тартууда. Ушундан улам коомдо тынчсыздануу башталды. “Атуулдук коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилованын билдиргенине караганда, атуулдук коом өкүлдөрү биргелешип аракет көрбөсө болбойт.

- Эмне үчүн эле Юстиция министрлиги бейөкмөт уюмдарды куугунтуктап калды? Биз ушул маселени чогуу талкуулап, чогуу бир кадам таштабасак болбойт. Башмыйзам боюнча ар бир атуул мамлекеттин турмушуна аралашып, өз салымын кошконго укуктуу. Жанагы 8-беренени депутаттар чечмелеп беришсе деген ой болуп атат. Антпесек ушул беренеге таянып, бийлик тарабынан куугунтук башталды, - дейт Төлөкан Исмаилова.

Бул чакан «тегерек үстөлдө» парламент депутаттарына кайрылуу тууралуу чечим кабыл алынды. Кайрылуу ээлери депутаттардан Башмыйзамдын 8-беренесине түшүндүрмө берүүнү талап кылмак болушту. «Тегерек үстөлдүн» катышуучуларынын көбү бул окуяларды кыргыз бийлигинин айрым кадамдарын сындап койгон уюмдарды жоюп жиберүү далалаты катары баалашты. Ал эми бул «тегерек үстөлгө» чакырылган юстиция министринин орун басары Нурлан Алымбаев келүүдөн баш тартты. Бирок, эки күндөн кийин атуулдук коомдун өкүлдөрү менен жолугушууга убада берди.
XS
SM
MD
LG