Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Орусиялык гезиттер: «КАНТТАГЫ ОРУСИЯЛЫК АВИАБАЗА – САЯСИЙ ИШ-ЧАРА ГАНА БОЛДУ»


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Орусиялык басма сөздө аяктап бараткан аптада «Кант» аба-майданы менен байланыштуу серептер, ЮКОС мунай-зат компаниясынын айланасындагы чыр-чатактар жана Чеченстандагы жаңы президенттин биринчи жумуш күндөрүн сүрөттөгөн макалалар негизги талкууну жаратышты.

Ушул аптада орус басма сөзүндө Кыргызстан менен байланыштыгы бар макалалар көбүнесе аскерий теманы чагылдырды. Бул да, Орусиялык журналисттердин айтымында, бекеринен эмес. Анткени үстүбүздөгү айдын 23үндө «Кант» аба майданында жайгаштырылып жаткан Орусиялык аскер аба базанын расмий ачылышы күтүлүүдө.

«Независимая газетанын» кабарчысы Виктория Панфилова жакында эле «Манас» аба-майданындагы антитеррористтик коалициянын «Ганси» базасында болуп кайткандыгын айтып, аны жаңы пайда болуучу Орусиялык авиабаза менен салыштырат. Анын жазышынча, «Кантта орун алуучу Орусиялык авиабаза азырынча символикалык мүнөзгө гана ээ болуп калмакчы. Анткени, аскердик кубаттуулугу боюнча НАТОнун базасы менен ал теңтайлаша албайт. «Негизи, орустар Оштогу базаны деле колдонсо болмок, бирок Канттан 30 чакырымдай ыраакта жайгашкан «Ганси» авиабазасындагы АКШдан келишкен кесиптештеринин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү үчүн алар «Кантта» калууну туура көрүшкөн», - деп ойлойт журналист.

Бул көз карашты «Коммерсант» , «Дуэль» жана башка бир топ басылмалар да бөлүшөт. «Дуэль» жазгандай: «Жакырчылыкка баткан Кыргызстан үчүн бүгүн америкалык авиабаза – эң манилүү киреше булагы. Ал эми Орусиялык авиабазанын ачылышы – саясий гана кыймыл».

«Независимое военное обозрение» басылмасы, Тажикстандагы Орусиялык аскерий база туурасында жарыялаган макаласында, тажикстандык тарап Орусиялык чек-арачыларга ал аймактан кетүүнү сунуштаганын маалымдайт. Макалада журналист тараптан эмоционалдык кыйкырыкка да жол берилген. Анын жазышынча: «Орусия Тажикстандагы аскерий базасын ал жерден алып кетүүсү керек. Эгерде Тажикстан чек-арасын өзү коргоого кубаттуу деп билсе, анда коргоп көрсүн. Ал эми Орусия өз күчүн учурда аскерий алкакта жакшы кызматташтыгын баштаган Кыргызстан жана Казакстанга жумшаса болот». Ошол эле учурда «Русский курьердин» маалыматына ылайык, «Орусия армиясына контракттык негизде өтүүнү каалаган чет мамлекеттин атуулдарынан биринчилерден болуп Тажикстандын, Кыргызстандын жана Беларус менен Армениянын атуулдары алынмакчы».

Ушул жылдын жайында уу-дуу сөз жараткан ЮКОС мунай-зат компаниясынын айланасындагы чыр-чатак кайрадан жандангандыгы байкалды. «Акыркы эки жумада өлкөнүн башкы прокуратурасы ЮКОС иши боюнча бул компанияга таандык же анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу бир катар жерлерде тинтүү иштерин жүргүзгөн. Прокуратуранын маалыматында, «бул жолку тинтүү ЮКОСтун структураларынын салыктан качкандыгы жана атаандаштарына жасаган бут тосмолору менен байланыштуу», - деп кабарлайт «Коммерсант».

3-октябрь күнү ЮКОС жетекчиси М.Ходорковскийдин кызыкчылыгын жактаган адвокат Антон Дрелдин жумуш ордунда тинтүү жүргөн. «Генпрокуратуранын бул жолку аракеттери жалпы эле адвокаттык коомчулукка болгон кол салуу», - деп эсептейт Москванын адвокаттык палатасынын президенти Генри Резник:

- Кечээ жүргүзүлгөн адвокаттын жумуш ордундагы тинтүүнү өзгөчө кырдаал деп эсептейм. Тинтүүнү адвокаттык кесиптин негизине кол салуу деп таанысак болот. Адвокат коргоп жаткан адамдын ишин эч кандай себептер менен текшерүүгө мүмкүн эмес.

«Газета.ру» Чеченстанда президент болуп шайланган Ахмад Кадыровдун республикада турмушту оңдоо боюнча аракеттери анын борбордон экономикалык көз карандылыкты алуу менен байланышып жаткандыгын жазат. «Кадыров 2010-жылга чейин республиканы экономикалык кубаттуу абалга жеткирүү керек деп ойлойт. Демек Кадыров республика аймагында табылып жаткан мунай-заттан жана салыктан түшкөн акча Москвага кетпей, Чеченстандын өзүндө калуусун каалайт», - дейт гезит.

Ал эми «Известия» Кадыровдун президент катары тушоосун кесүүчү ишти 1991-жылдагы чатакты баштагандарды өз деңгээлинде жазалоо менен баштоону каалап жаткандыгын айтат.
XS
SM
MD
LG