Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:11

АКШнын ТЫШКЫ САЯСАТЫ БУШТУ АКСАТАБЫ?


Венера Сагындык кызы, Прага шаары Соңку бир ай ичинде АКШ президенти Жорж Буштун тышкы саясаты чоң сыноолорго туш болду. Эксперттердин баамында, Ирак, Түндүк Корея, Жакынкы Чыгыштагы окуялардын өнүгүшү Буштун администрациясынын аброюн бир топ төмөндөтүп жиберди.

Дүйнөдөгү окуялардын соңку бир ай ичиндеги өнүгүшү чынында эле АКШ президенти Жорж Буштун тышкы саясатына утуш алып келген жок. Тескерисинче, көпчүлүк маселелерде Вашингтон кыйын сыноолорго туш болду.

Иракты алсак, президент Буш 1-май күнү Саддамга каршы согуштун негизги бөлүгү аяктады деп жарыялагандан бери ал жакта 90дон ашуун америкалык аскер набыт болушту. Ошондон бери Саддамдын кооптуу куралын издеп жаткан америкалык инспекторлордун башчысы жакында азырынча Иракта коркунучтуу эч нерсе кылтакка илинбегенин моюнга алып, иликтөө иштери аяктай элегин кошумчалады. Андан улам көпчүлүк АКШ президенти Саддам Хусейндин кеңири кыруучу куралын Иракта согуш баштоонун башкы себеби катары атаганын эске салууга ашыгышты.


Андан сырткары Кошмо Штаттардын Иракта көп улуттуу күчтөрдү жайгаштырып, өлкөнү калыбына келтирүүгө ар башка мамлекеттерден каражат топтоо сунушу камтылган жаңы резолюция долбоору Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан жана башка лидерлердин катаал каршылыгына туш болду. Анткени Вашингтондун резолюциясында көп улуттуу күчтөрдү америкалык аскерлер жетектеп, ирактыктар алдыдагы эки жыл ичинде өз өкмөтүн шайлаганча, баары-жогун коалициялык администрация көзөмөлдөөрү айтылган.


Израил жакында палестин жанкечтисинин бомба жардыруусунан кийин Сириядагы палестин согушкерлеринин болжолдуу лагерине абадан сокку урганда Вашингтон унчукпай назар салганы араб өлкөлөрүнүн ачык кыжырдануусун жаратты.

Америкалык жетекчилик көп ирет эскерткенине карабай, Түндүк Корея өзөктүк курал чогултуп баштаарын жарыялады. АКШнын Чыгыш Азиядагы "ишенген кожосу" - Тайвандын президенти жакында "Бирдиктүү Кытай" принцибине чагым салып, Вашингтонду ыңгайсыз абалда калтырды.


Буштун администрациясында тышкы саясий маселелерде ички талаш-тартыштар бар экенин ырастап, НАТОнун саммити маалында АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд немец журналистине берген интервьюсунда аны менен Вашингтондо эч ким Пентагондун Ирактагы бийлик укуктарын чектөө тууралуу кеңешип-акылдашпаганын жар салды. Эксперттер Ирак жана башка маанилүү маселелерде Мамлекеттик департамент менен Пентагондун ортосундагы ыйкы-тыйкы мамилелерге көңүл буруп келатышат.


АКШ президенти Жорж Буш бирок, бир катар коомдук жолугушууларында Ирактагы аскерий жана саясий ийгиликтерге басым жасап, баары Вашингтондун пландарына ылайык ишке ашырылып жатканын шаңдуу белгилөөдө. Ага карабастан, коомдук пикирди сурамжылоо борборлорунун иликтөөлөрү көзгөзгөндөй, президент Буштун калк арасындагы кадыры 2001-жылкы 11-сентябрдагы теракттардан берки эң төмөнкү деңгээлге түшүп кетти. Атап айтканда, соңку сурамжылоо маалында америкалык жетекчиликке ишеним көрсөткөндөрдүн саны жалпы суралгандардын 50%ына чукулдабай калган.

Ал учурда АКШда келээрки жылы ноябрда өтө турган президенттик шайлоого эмитен кызуу даярдык көрө баштаган Демократиялык партиянын тогуз талапкери "Жорж Буштун тышкы саясаты Америкага жакшылык алып келбейт" деген ураанды алдыга чыгарышты. Эгерде республикачылар аз-маз басымдуулук кылган Конгресс жакында президент Буштун Ирактагы калыбына келтирүү иштерине сураган кошумча 87 млрд долларды жактыруудан баш тартса, Вашингтон үчүн бул дагы бир катуу сокку болору ажеп эмес. Ага эми Ирактагы окуялардын мындан аркы өнүгүшү да буга өбөлгө болоору айныксыз.
XS
SM
MD
LG