Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

ДҮЙШӨМБҮ ШААРЫНДА КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫ БОЮНЧА ӨКМӨТТӨР АРАЛЫК КОМИССИЯ ИШТЕДИ


Кыргыз-тажик чек арасына байланышкан маселе акыркы ирет ушул апта ичинде Дүйшөмбү шаарында талкууланды. Бул - өткөн жылдан берки төртүнчү отурум. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерине эки өлкө былтыр киришкен Төрт отурумда тең тараптар чек араны тактоонун механизмдерине байланышкан маселелердин айланасында талкуу жүргүзүштү.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иши жаңы башталгандыктан, азыр бул маселе боюнча кыргыз-өзбек чек арасындагыдай татаалдашкан жагдайлар пайда боло элек, талаштуу жерлердин аттары да ырасмий атала элек. Тараптар негизинен чек араны тактоонун базалык негиздерин аныктоо менен алек болууда. Өкмөттүк комиссиянын Дүйшөмбү шаарындагы 4-отуруму деле алмак-салмак эки өлкөдө өткөн мурдагы отурумдардагы маселелердин чегинде ишин улады. Чек ара боюнча иштеп жаткан тиешелүү тармак өкүлдөрү мындай узак талкууну кадыресе көрүнүш катары сыпатташат. Маселен, Тышкы иштер министрлигинин Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкуловдун пикиринде, тыянак жок болсо да, бул багытта кайталап иштей берүүдөн жадабаш керек. Анткени, чек араны ыкчам аныктоого далбас урууга болбойт:
-Делимитация жана демаркация узак мөөнөттүү, татаал иш. Эгер чукул чечимдерге умтулсак, өзүбүздү өзүбүз жарга такап коёбуз.
Эркин Мамкуловдун айтымында, тараптардын чекараны делимитациялоого ынтызар аракетинин өзүн жетишкендик катары баалоо керек:
-Биз Тажикстан менен ишти жаңы баштап атабыз. Эксперттер азыр делимитация үчүн базалык документтерди териштирип, кайсы картаны негиз кылып алуу керектигин жаңы эле аныктоого киришти.
Айрым байкоочулардын пикирлерине караганда, чек араны делимитациялоого байланышкан талкуунун узарышына дал ушул негизги документти тандап алууда тараптардын бир пикирге келе албай жатышы себеп болууда. Анткени, тараптар өз укуктарын эки башка тарыхый документтин негизинде коргоп жатышат.
Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу миң километрге жакын. Чек ара сызыгынын басымдуу бөлүгү тоо кыркалары аркылуу өтөт. Ал эми талаштуу жерлер негизинен элдүү пункттар жайгашкан аймактарга туура келет. Эксперттердин божомолунда мындай жерлердин саны 40 чамалаш. Алардын басымдуу бөлүгү - Баткен облусунда. Бул аймакта эки өлкөнүн атуулдары камыр-жумур отурукташкан айылдар аз эмес. Эки өкмөттүн жетекчилигинин Дүйшөмбү шаарындагы жолугушуусунда жетишилген макулдашууга ылайык башы ачыла элек аймактардын маселеси бир беткей чечилмейинче, аларды тараптар пайдаланбашы керек. Бирок, жергиликтүү шартта мындай талаптар дайыма эле аткарыла бербейт. Ошондуктан, маал-маалы менен чек арада талаш-тартыштар болуп турат. Акыркы жолу мындай окуя Кыргызстандын Самаркандык жана Тажикстандын Шураб аймактарындагы чек ара бекетинде болгон. Тажикстан Кыргызстандын чегине өз бекетин коюп алды деген жергиликтүү аялдар жайында нааразылык акциясына чыгышкан болчу.
Баткен облусунун гуубернатору Мамат Айбалаевдин айтымында, азыр эки өлкөнүн чектеш аймактарында көйгөйлөр жок деп айтышка болбойт, бирок, абал көзөмөлдө турат:
-Проблема бар. Бирок, ал көзөмөлгө алынып турат.
Жергиликтүү бийликтин пикиринде, эки мамлекеттин чек араны тактоо аракети ийгиликтүү ишке ашса, тургундардын бүйүрүн кызыткан окуяларга чек коюлар эле.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Дүйшөмбү шаарындагы өкмөттөр аралык комиссиянын 4-жолугушуусуна Кыргызстандан тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева баштаган делегация катышты. Бирок, төрт күнгө созулган бул отурум кандай тыянакка келгени тууралуу маалымат азыр ачыкка чыга элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG