Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮ МАЙРАМЫ, ТИЛ КАЙГАЙЫ, ПРЕЗИДЕНТТИН ПАРИЖГЕ ИШ САПАРЫ, ТЕШКЕНТОО ИКАЯСЫ


Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган иш-чаралар Франциянын башкалаасында чоң салтанат менен өттү. Президент А.Акаевдин ЮНЕСКО отурумунда сүйлөгөн сөзү кыргыз басылмаларында комментарийге алынууда. Кыргыз акыйкатчысынын кеңсесинде мамлекеттик тилдин көйгөйлөрүнө арналган жыйын өттү. Уран кенин иштетүү үчүн Совет өкмөтү тоону тешип, жол салган.

Кыргыз тилинин абалына арналган жыйындар соңку учурда арбын өтүп, мамлекеттик тилдин жагдайы жаман жагына ооп баратканы тууралуу кабатыр кептер көп айтылчу болду. Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев апта соңундагы “Заман Кыргызстан” гезитинде “Неге мамлекеттик тилибизге мамлекеттик мамиле жасалбайт?” деген макаласын жарыялады. «Эне тилибиз мурдагыдай эле улагадан өйдө өтө албай, телмирген, томсоргон бойдон кала берди”, деп жазат эл акыны. Профессор Салижан Жигитовдун пикиринде, тилди өнүктүрүү тууралуу кеп кылып элдин башын оорутуудан майнап чыкпайт. Мамлекеттик тил жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынча деле абал өзгөрүп кетпейт. Кыргыз тили канчалык эски болгону менен жаңы сөздөр иштелип чыкпаганынан биртоп эле жакырланып кетти”, - дейт Салижан Жигитов. Анын айтымында, «кыргыз тилинин дөө-шаалары биригип жаңы сөз ойлоп табууга аракет кылыш керек» Басылманын жаңы санында оогандык кыргыздардын башчысы Рахманкул хан тууралуу Абдыкерим Муратовдун макаласына орун берилген. Автор Рахманкул ханды капылеттен сөз тапкан, татаал шартты кылдат баамдаган, акылы курч, не бир чалкеш маселелерди кыябын келтире так түшүндүргөн адам катары жазат. Ал эми автордун пикиринде, Батыштын маалымат каражаттарында Рахманкул хандын өмүрү жана ишмердиги тууралуу так эмес маалыматтар кетүүүдө. Анын кербендерди тоношу, чек арачыларды өлтүрүп, алардын мүлкүн алып качып кетиши менимче туура эмес. Рахманкул хан динге берилген киши болсо (анын ажы болгонун эстеңиз), Ыйык Айт майрамында конокко кишилерди чакырып, анан аларды өлтүртүп салганы акылга сыйбаган көрүнүш. Ушул маалымат АКШга жана андан ары дүйнөгө тарап кеткен”, деп жазат макала автору.

Эл аралык “Фридом Хаус” уюмунун Кыргызстандагы бийлик менен прессанын мамилесине арналган Бишкектеги жыйынын жума күнкү “МСН” гезитинде Рина Приживойт талдоого алган. «Бийлик “иштиктүү” сынды жактырат, - - деп жазат автор. - Иштиктүү сын деп опсуз кошоматчылыкты түшүнүшөт, жылуу-жумшак мактоо деле өөн учурабайт. Андайга кошулбаганы жалган жалаа, мазактоо катары кабылданат”.

Чоң базарлардагы контейнерлерге кассалык аппараттарды орнотуу маселеси боюнча өкмөт менен ишкерлер бир пикирге келалбай жатканы Лариса Линин макаласында баяндалган. Базарлардагы контейнерлерди кассалык аппараттарга өткөрүү республика казынасына түшчү салыкты көбөйтпөйт. Ал үчүн бажы, салык жана базар башчыларын тартипке чакыруу керек, - деп белгилейт автор.

«Дордой» базарынын директору Аманбай Кайыпов “Аалам” гезитинин жума күнкү санында жарыяланган маегинде кийинки жылдары соода анча жүрбөй жатканын, Өзбекстан, Казакстандан соодагерлер аз келе баштаганын айтат. Ошондой эле бул басылманын жаңы санына Саламбек Нышаналиевдин кыргыз тилинин азыркы абалына арналган макаласы да жарыяланган. «Азыр кыргыздын тили аксап, дили бүлүнүп, келечек тагдырына шек туулуп жаткан кези. Себеби, христиан, будда диндерине өткөн кыргыздардын саны он миңдеп санала баштады”, - дейт макала автору.

Кыргыз тил көйгөйү, Казат Акматовдун кызматтан алынганы жума күнкү “Бишкек таймс” гезитинде да маалымдалды.

Президент А.Акаевдин Францияга иш сапары апта соңундагы “Эркинтоо”, “Кыргыз туусу”, “В конце недели”, “Вечерний Бишкек” гезиттеринде арбын жазылды. “Эркинтоо” гезити президенттин иш сапарын “Франция Кыргызстанды колдоосун уланта берет” деп мүнөздөсө, “Кыргыз туусу” гезити “Кыргыз рухунун дүйнөлүк триумфу” катары сыпаттады.

Бишкек-Ош жолундагы тешкен тоо тууралуу “В конце недели” апталыгында Алексей Ермоловдун жол очерки жарыяланган. Төөашуу тоннелин москвалык метро куруучулар 1965-жылы бүтүшкөн. Жумгалдын Кабак (Миңкуш) тоосунан казылып алынган уранды Карабалтадагы комбинатка жеткирүү үчүн деңиз деңгээлинен 3,5 миң метр бийиктикте турган тоону тешип жол салуу зарылдыгы келип чыккан.
XS
SM
MD
LG