Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

АЗЕРБАЙЖАН: КИМДИН-КИМДИН ЗАМАНЫ... АЛИЕВДИКИБИ?


Тынчтыкбек Чоротегин (Tynchtykbek Chorotegin), Прага шаары Октябрдын 15инде Азербайжанда президенттик шайлоо өткөрүлөт. Көптөн бери сыркоолоп жүргөн президент Гейдар Алиевдин уулу Илхам атасынын ордун ээлөө үчүн бүткүл мамлекеттик машинени ишке салууда. Оппозиция болсо бир талапкерге баш кошо албаса да, өз ара кызматташтык жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Алдыдагы шаршембиде өтө турган президенттик шайлоодо сегиз талапкер ат салышмакчы. Авторитардык өкмөттүн кубаттуу машинеси колдогон бирден-бир талапкер – 42 жашар Илхам Алиев. Тагыраак айтсак, анын өкмөт колдогон жападан-жалгыз талапкер катары чыккан мөөнөтү – он эки гана күндү түзөт. Октябрдын 2сине чейин Илхамга өз атасы менен атаандаш талапкер болууга туура келген.

Ушул тапта АКШнын Кливленд штатында дарыланып жаткандыгы кабардалган 80 жашар карыя Гейдар Алиев өз талапкердигин уулунун пайдасына алып салууну өтө кечеңдеткенсиди. Анын сыры эмнеде экенин бир Гейдар аксакал өзү, бир кудай өзү билет.

Тээ 1969-жылдан бери Азербайжан Коммунисттик партиясын жетектеген, пост-советтик доордо демократиячыл күчтөрдүн убактылуу бийлигинен соң, 1993-жылы президент катары өлкөнү бийлеп калган Гейдар Алиев бийлик тизгинин уулуна өткөрүү үчүн бир нече жылдан бери айла-амалын жасап келди. Анын соңку баскычы ушул жылга туура келген экен. 4-августта өз атасынын сунушуна ылайык парламент тарабынан өлкөнүн премьер-министрлигине тастыкталган соң да, Илхам Алиев өзү үчүн гана эмес, биринчи кезекте атасынын талапкердиги үчүн чуркап жүрдү. Эми жалаң өзүнө иштээрде, саат басып, убакыт өтө тар болуп жатканын карабайсызбы!

Октябрдын 7синде эле Илхам мырза өлкөнүн алты шаарын кыдырууга аргасыз болду. Бирок ал үйүнөн чыкпай койгон шартта деле сыналгыдан анын гана жүзүн көрөсүз, өкмөттүк үналгыдан анын пайдасындагы чакырыктарды гана угасыз. Ал эми ири шаарларда жана жер-жерлерде калайыкты Илхам үчүн добуш берүүгө чакырып, улам жаңы концерт жана башка жыйындарды уюштурган расмий бийлик өкүлдөрүнүн так санын айтуу да кыйын.

Оппозициячыл талапкерлердин ирдүүсү – мурдагы парламент спикери, Мусават партиясынын жетекчиси Иса Гамбар. Ал 1957-жылы Бакуда туулган. Баку мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн. Маркум Абулфаз Элчибейдин президенттигинин тушунда, 1992-1993-жылы, парламент спикери да болгон.

Улуттук боштондук партиясынын жетекчиси Этибар Маммедов да оңой саясатчылардан эмес. Маммедов 1955-жылы Бакуда туулган. Тарых илиминин кандидаты. 1988-жылы оппозициячыл кыймылга жигердүү катышып, Азербайжан Элдик майданынын негиздөөчүлөрүнөн болгон. 1998-жылы Маммедов президенттик шайлоодо Гейдар Алиевден кийинки көрсөткүчкө жетишкен. Этибар Маммедовдун быйылкы шайлоо пратформасында президенттин ыйгарым укуктарын кескин азайтуу милдети өзгөчө баса белгиленет.

Иса Гамбар мырза Тоолуу Карабак жаңжалын тынчтык жолу менен чечүү керек десе, ал эми Этибар Маммедов менен Илхам Алиев ар түркүн арганы, анын ичинде аскердик ыкманы да колдонууга болоорун айтышууда. Айрым армениялык серепчилердин маалымдашынча, коңшу Арменияда азери талапкерлеринин ичинен Илхам Алиев Тоолуу Карабак маселесин жөнгө салуу үчүн ылайыктуураак талапкер катары каралат экен.

Ушул тапта азери оппозициясы ич ара ынтымакка келип, бирдиктүү талапкер чыгара албаса да, өз ара кызматташуу үчүн байма-бай сүйлөшүү жүргүзүүдө. Бирок Этибар Маммедов мырза жума күнү “Азаттыкка” курган маегинде айрым шериктерин айыптап, ич ара жиктелип алышты деп чыкты.

Этибар Маммедовдун оюнча, Мусават партиясынын жетекчиси Иса Гамбар Демократиялык партиянын жетекчиси Расул Кулиев менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзүп, башка оппозициячыл шериктеринен обочолонгон саясатты жүргүзүүгө аракет кылууда

Бирок Мусават партиясынын жетекчиси Гамбар бул кинени четке какты:

“Менин оюмча, Этибар Маммедов менен сүйлөшүү жүргүзгөнүбүздө, Демократиялык партияны обочодо калтыруу жөнүндө сөз болгон эмес. Демократиялык партия менен кеңешкенибиз башка шериктер менен макулдашууну бузгандык болуп саналбайт”, - дейт Гамбар мырза.

Саналуу күндөр гана түгүл, саналуу сааттар шайлоону такымдап келген чакта, Илхам Алиевдин сабыры суз болуп, улам тынчы кеткени байкалат, - дешет айрым жергиликтүү серепчилер. Балким, анын маанайынын пастыгы атасынын саламаттыгынын оордошу менен байланыштуудур деп жоругандар да жок эмес.

Пост-советтик Борбор Азияда өкмөттүк машине колдогон талапкерлер сөзсүз түрдө утуп келгенин соңку он эки жылдык тарых айгинелеп турат. Ал эми азерилерге коңшу Армениядагы окуялар көрсөткөндөй, Кавказда калайык бийликтеги төбөлдү жерип, таптакыр башка талапкерге ооп кетиши деле ыктымалдан алыс эмес.
XS
SM
MD
LG