Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮНҮН СЕССИЯСЫ, КОРРУПЦИЯГА БАТКАН КЫРГЫЗСТАН, ОРУСИЯЛЫК ГЕНЕРАЛДЫН ИШ САПАРЫ, КАРАКУЛЖАДАН КЕЛГЕН КАБАР


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Бул аптада Эл өкүлдөр жыйынынын кезектеги сессиясы башталды. «Transparency International» эл аралык уюмунун быйылкы иликтөөсү Кыргызстан коррупциянын сазына терең баткан мамлекеттердин катарында экенин көрсөттү. Кыргызстанга Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн колбашчысы Владимир Михайлов келип кетти. Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасына байланышкан маселе талкууланды. Ал арада Каракулжада кайрадан куралдуу согушкерлер пайда болгондугу тууралуу каңшаар тарады.

Бул аптада Эл өкүлдөр жыйынынын XVII сессиясы башталды. Сессиянын алгачкы күндөрүндө депутаттар 2002-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышын карашты. Каржы министри Болот Абилдаевдин айтымында, соңку алты жылдан бери биринчи ирет 2002-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 101,1%, ал эми чыгаша бөлүгү 99,1% аткарылган. Бирок Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгына караганда, 475 млн. сом мыйзамсыз колдонулгандыгы ачыкка чыккан.

Чын-чынына келгенде бюджеттик акчаны максатсыз пайдалануу өлкөдөгү коррупциянын тамыр жайышынан кабар берет. Ансыз да бул боюнча көрсөткүчтөр көңүл кубандыргыдай эмес. «Transparency International» эл аралык уюмунун быйылкы иликтөөсүнүн жыйынтыгына караганда, Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча дүйнөдөгү 133 өлкөнүн арасында 118-орунда турат. Антсе да «Transparency International» уюмунун өкүлдөрү Стиан Кристенсен менен Дональд Баусердин жакында Бишкектеги маалымат жыйынында айткандарына караганда, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш үчүн саясий эрк бар. Бирок жакын арада коррупцияга каршы бөгөт коюлбаса, өлкөгө чет элдик инвестициялардын тартылышы токтоп калышы толук ыктымал. Уюмдун жооптуу кызматкери Стиан Кристенсендин пикири ушундай:

- Тагыраак айтканда, азыр Кыргызстан үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок алар тез эле жок болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан өкмөт мындай мүмкүнчүлүктү азыр пайдаланып калышы керек. Болбосо ал эл аралык коомчулуктун алдында кадыр-баркынан ажырап калышы ыктымал.

Бул аптада Орусиянын Аскер-аба күчтөрүнүн колбашчысы Владимир Михайлов Кыргызстанга келди. Ал Канттагы аба майданы Орусиянын аскер учактарын кабыл алууга канчалык даяр экенине көз салып, Коргоо министрлигинин бир катар жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жамааттык Коопсуздук Келишиминин алкагында Орусиянын авиабазасын «Кант» аба майданына жайгаштыруу тууралуу келишимге быйыл 22-сентябрда Москвада коюлган. Ага ылайык Кантка Орусиянын 500гө жакын аскери жана 20дан ашуун аскер учагы жайгаштырылат. Владимир Михайловдун айтымында, «Кант» аба майданы Орусиянын учактарын кабыл алууга даяр:

- Сиздер көрүп тургандай, бул жерде Ил-76 учагынан эле үчөө турат. Негизинен база учактарды кабыл алууга жана алардын иштешин камсыз кылууга даяр.

8-11-октябрда Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасына байланышкан маселе талкууланды. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерине эки өлкө былтыр киришкен. Буга чейинки төрт отурумда тең тараптар чек араны тактоонун механизмдерине байланышкан маселелерди талкуулашты. Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иши жаңы башталгандыктан, азыр бул маселеде кыргыз-өзбек чек арасындагыдай татаал жагдайлар пайда боло элек, талаштуу жерлердин аттары да ырасмий атала элек. Тышкы иштер министрлигинин КМШ боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкуловдун айтымында, тараптардын чек араны делимитациялоого ынтызар болгонунун өзүн жетишкендик катары баалаш керек.

- Биз Тажикстан менен ишти жаңы баштап атабыз. Эксперттер азыр делимитация үчүн базалык документтерди териштирип, кайсы картаны негиз кылып алуу керектигин аныктоого жаңы эле киришти.

Бул аптада келип түшкөн эң кооптуу маалымат - өлкөнүн түштүгүндө кайрадан куралдуу согушкерлер пайда болгону тууралуу каңшаар тарады. Атап айтканда, Каракулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүнүн Күйөөташ кыштагынын бир тургунунун мектепте окуган кыздары Чоңдөбөө жайлоосунан колдоруна автомат, тапанча кармаган, камуфляж кийген, сакал коюнган чоочун үч адамды көрүшкөн. Бул туурасында жергиликтүү бийлик органдары кабарлашкан. Натыйжада Каракулжа районунун борборунан жана Оштон милициянын жана Улуттук коопсуздук кызматынын жүзгө жакын кызматкери кошумча күч катары барып, жергиликтүү элдин өкүлдөрү менен кошо жер-жерлерде эки күн бою издөө иштерин уюштурушту. Бирок андай шектүү адамдардын дайны табылган жок. Андыктан бул маалыматтын анык-төгүнү белгисиз бойдон калды. Эмнеси болсо да «сактыкка кордук жок» демекчи, өлкөнүн күч органдары бул жагынан камдуу турушса болгону.
XS
SM
MD
LG