Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:02

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЯЛДАР ТУРМУШТУ ӨЗГӨРТҮҮНҮ КААЛАШАТ


Кыргызстандын мыйзамдары бирден көп аял алууга уруксат бербейт. Бирок турмушта токол алган эркектерди арбын жолуктурууга болот. Ошол эле учурда эркектер аялдардын бийлик башында болушун каалашпайт. Мындай көрүнүштөрдү кемсинтүү катары кабылдашкан аялдар жашоону өзгөртүүнү каалашат.

Кыргызстан Аялдарды кемсинтүүгө каршы эл аралык конвенцияны мындан 6 жыл мурун ратификациялаган. Аялдардын укуктарын коргогон көптөгөн ички мыйзамдар бар. Жакында ага кошумча «Гендердик теңчиликтин мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» да мыйзам кабыл алынды. Ошондой болсо да айрым бейөкмөт уюмдар «өлкөдө бул мыйзамдардын механизмдери жок» деген көз карашта. «Мыйзам өзүнчө, турмуш өзүнчө жашайт» дешет алар. Анткени азыр жакыр турмушта жашагандардын, көчөдө, үйдө запкы көргөндөрдүн, сатыкка түшкөндөрдүн көпчүлүгү аялдар. Жумушсуздардын 55% аялдар экенин, акыркы 8 айда эле 181 аялдар менен балдар зордукталганын айтышат. Запкы көргөн аялдарга өбөк катары азыр негизинен кризистик борборлор кызмат кылууда. Мындай кайрымдуулук иштерин алар эл аралык уюмдардын колдоосу менен ишке ашырып жүрүшөт. Алардын бири – «Сорос-Кыргызстан» фонду - бул багыттагы программасын кыскартып жатат. Анын кызматкери Элмира Шишкараеванын пикиринде, аялдарга реалдуу колдоо көрсөтүүчү тармак катары кризистик борбордун орду чоң. Өкмөт кандайдыр-бир көмөк көрсөтпөсө, кризистик борборлор өңдүү мыкты колдоочусунан айрылып калышы ыктымал.

- Кризистик борборлор мындан ары кантип жашашат? Бизди ушул баарынан көп тынчсыздандырат, - дейт Элмира Шишкараева. Кризистик борборлор өздөрү болсо «аялдардын укуктарын эркектердикине теңештириш үчүн өкмөт туруктуу материалдык колдоо көрсөтүшү керек» дешет жана бюджетке атайын жобо киргизилишин каалашат.

Кыргызстандагы аялдардын укуктарына байланыштуу бейөкмөт уюмдар иликтеп жүргөн дагы бир жагдай - эки аял алуу. Конституция жана башка мыйзамдар уруксат бербегени менен, социологиялык иликтөөлөр мындай фактылар көбөйүп баратканын далилдөөдө. Кризистик борборлордун кызматкерлеринин пикирлерине караганда, аялдар адатта материалдык кызыкчылыктан улам экинчи аял алууга күйөөсүнө макулдук беришет. Демек, материалдык көз карандылык - аялдардын укуктарынын басмырланышын шарттаган дагы бир жагдай. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Токтокан Боронбаеванын пикиринде, парламенттин кош аял алууга жол берейин деген ниети жок. Бирок парламент «нике келишимин түзүү - аялдардын материалдык эркиндикке жетишинин бир жолу» деп эсептейт. Ошондуктан депутаттар Үй-бүлө кодексине ушундай жобо киргизүүнү ылайык табышты.

- Бүгүн сенде мурас болбосо, жер үлүшүң, фирмаң болбосо, пенсия менен камсыздалбасаң, турмуш оор болот. Аял муну ойлонушу керек, - дейт депутат Токтокан Боронбаева. Ал «аялдын үйдө бала баккан мезгилин эмгек стажына киргизүү, күйөөсүнүн айлыгынан анын макулдугуна ылайык аялынын пенсиясына акча которуу да аялдардын материалдык көз карандысыздыгын камсыздоочу факторлордон болот» деп эсептейт.

- Мен көп эркектер менен, алардын ичинде өз кесиптештерим менен да сүйлөштүм. Алар буга макул болуп атышат, - деди Токтокан Боронбаева. Анын айтымында, аялдарга карата теңсиздик бар экенин көчөдөн, үйдөн эле эмес, мамлекеттик кызматтан да көрүүгө болот. Аялдардан мамлекеттик кызматтарда болгону эки министр, райондук деңгээлдеги эки аким иштейт, парламентте аялдар 7% да жетпейт. Мындай шартта аялдар бийликти өз колуна алгысы келет. Бирок мындай ниетти эркектер туура кабыл алып колдой турганына депутат сыяктуу эле феминисттик маанайдагы аялдардын көпчүлүгү ишенишпейт:

- Аялдарга бийлик берүү маселеси көтөрүлгөндө биздин урматтуу эркектер бийликти алардан алып алчудай көрүшөт. Жок, аялдар эркектер сыяктуу эле өз укугунан пайдалангысы келет. Бизде Конституцияда, мыйзамда кемсинтүү жок, бирок бирдей шарттардын жоктугу ушундай жагдайды түзөт.

Аялдар бийликке келишсе, жеке эле өз укугу үчүн эмес, эркектердин укугу үчүн да күрөшөөрүнө Токтокан Боронбаева бекем ишенет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG