Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

ЭКОНОМИСТ-ИЛИМПОЗДОР РОБЕРТ ЭНГЛ ЖАНА КЛАЙВ ГРЕЙНЖЕР - НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫНЫН ЖАҢЫ ЛАУРЕАТТАРЫ


Амирбек Азам уулу (Amirbek Azam-uulu) Шаршемби күнү Швециянын илимдер академиясы эмгектери Нобель сыйылыгына татыктуу деп табылган экономисттердин ысмын жарыя кылды. Алар америкалык экономист Роберт Энгл жана АКШнын Калифорния университетинин профессору, англиялык Клайв Грейнжер. Экономикадагы убактылуу катарлардын жүрүм-турумунун сырын илимий жол менен түшүндүрүп беришкен эки аалым эми бул эмгектери үчүн 1 миллион 300 миң долларга жакын сыйлык алышат.

Эки окумуштуу эки башка илимий изилдөөлөрү үчүн сыйланды. Бирок, бул эки иш тең бир кубулушту-экономикадагы убактылуу катарларды үйрөнүүгө багытталган.
“The Wall Street Journal” гезити белгилегендей, Роберт Энгл жана Клайв Грейнжердин ысымдары илимий чөйрөдөн сырт жактагы адамдарга белгисиз. Бирок, экономика менен тыкыс иштеген адамдар Ингл-Грейнжер биринчи ирет колдонууга киргизген статистикалык ыкмаларды финансы рыногун үйрөнүүдө өтө кеңири пайдаланышат.

Нью-Йорк университетини профессору Роберт Энгл Нобел атындагы сыйлыкка экономикадагы убактылуу катарларды математикалык моделге салып талдоонун усулун иштеп чыкканы үчүн татыктуу болду. Бул усул ички дүң продукцияны өндүрүүдөгү мүнөздүү багытты, керектөөчүлөр күнүмдүк тиричиликте көп колдонгон товарлардын баасын, банктар берүүчү карыздын акысын, биржага коюлган баалуу кагаздардын курсун жакынкы бир күнгө, бир жумуга, атүгүл бир жылга боолгоп-эсептегенге мүмкүндүк берет. Усулду колдонуп, тобокелчилике салып иш кылууда болчу чыгашаны же күтүүсүз чыгымды азайтса болот.

Финансы рыногунун абалын мүнөздөгөн туруктуу көрсөткүчтүн кайсы бир мезгилде капилет өзгөрүүсүнүн сырын билүү өтө баалуу. Себеби, акциялардын, опцион-келишимдердин жана башка финансылык инструменттердин баасы тобокелге салып иш кылган адамдарга да байланыштуу.
Ушундан улам, Швециянын илимдер академиясынын билдирүүсүндө “Энглдин модели илимпоздор үчүн эле эмес, менчикти жана инвестициялардын коопсуздугун изилдеген финансист-талдоочулар үчүн алмашкыс курал болуп калды” деп көрсөтүлөт.

Нобель сыйлыгы Сан-Диего шаарындагы Калифорния университетинин профессору, британиялык Клайв Грейнжерге экономикадагы убактылуу катарларды талдоонун коинтеграциялык усулун иштеп чыкканы үчүн ыйгарылды.

Макроэкономикадагы убактылуу катардын көпчүлүгү туруктуу сандын эмес, мезгил-мезгил өзгөрүп турчу чоңдуктун тегерегинде топтолот. Ошон үчүн, туруктуу же “кыймылсыз” сандарды мүнөздөөдө пайдаланылган статистикалык усулдарды тез өзгөрүп турчу же “ар убак кыймылда” турган сандардын жүрүм-турумун баалоо үчүн колдонуу туура болбосун Грейнжер илимий түрдө далилдеген.

Грейнжердин эмгеги экономиканын узак аралыктагы багытын аныктап, адистерге экономиканын өнүгүү жолдорун прогноздоого мүмкүнчүлүк берет.
Экономика жаатындагы Нобель сыйлыгын ыйгаруу боюнча комитеттин төрагасы Торстен Перстондун сөзү менен айтканда, Грейнжердин усулу “убакыт аралыгын изилдөө үчүн колдонулуучу статистикалык моделдер жөнүндөгү түшүнүктү толугу менен өзгөрттү”.

Энгл-Грейнжердин ысмын алган статистикалык усулдун маанисин “The Wall Street Journal” гезити мындай деп түшүндүрөт. Маселен, Гарвард университетинин таанымал экономисти Жеймс Стоктун айтышынча, жөнөкөй статистикалык регрессиялык моделди пайдалануу менен, Марстын Жерге жакындап келатканын жана АКШнын кирешеси өсүп жатканын далилдесе болот.
Энгл-Грейнжердин теориясы статистикалык маалыматтарга таянып, Марс менен Жердин өз ара тартылуусу жана АКШнын ныпасы көбөйгөнү ортосунда эч кандай байланыш жок экенин, бирок киреше менен керектөөнүн, узак мөөнөттүк кредит менен кыска мөөнөттүк кредиттин ортосундагы байланышты далилдесе болот.

Массачусетс технологиялык институтунун экономист-профессору, Нобель сыйылыгынын 1987-жылкы лауреаты Роберт Солоу: “Сиз эгерде экономикада көп кайталанчу кубулуштар ортосундагы байланышты түшүнгүңүз келсе, сизге өзүңүз байкоо жүргүзгөн күндөрдөгү кайсы бир көрүнүштүн толук сүрөтү керек болсо, анда Грейнжер менен Энглдин усулун пайдаланыңыз”,- деп кеңеш Парижде чыгуучу “International Herald Tribune” гезитине берген интервьюда.
XS
SM
MD
LG