Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:50

Варшавада «Кыргызстан: тарых-коом-саясат» деген китеп чыкмакчы


БИШКЕК. «Кыргызстан: тарых-коом-саясат» деген китеп Варшавада басмага даярдалууда. Бул эмгек польшалык жана кыргызстандык илимпоздор тарабынан «Жаңыланган Борбор Азия» деген эл аралык иликтөө долбоорунун алкагында ишке ашмакчы. Илимий эмгектин демилгечиси жана редактору Варшавадагы саясат таануу институтунун окутуучусу, Борбор Азия боюнча адис, профессор Тадеуш Бодио. Аталган долбоордун алкагында буга чейин Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан тууралуу китептер жарыкка чыккан. Мындай маалымат Кыргызстандын Билим берүү жана маданият министрлигинен алынды.

XS
SM
MD
LG