Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:00

Мамлекеттик кредиттер кайтарылбай жатат


БИШКЕК. Республикадагы ири ишканаларга жана атуулдарга эгемендүүлүк жылдарында берилген кредиттерди кайтарып алуу күн мурунтан пландаштырылган деңгээлде жүрбөй жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын 17-сессиясында Каржы министри Болот Абилдаев билдирди. Эсептөө палатасынын маалыматына караганда, республикалык бюджетке 1 млрд. 212 млн. сом кайтарыла элек. Алсак, «Кайрат» акционердик банкы 302,3 млн. сомду, «Кыргызэл» банкы 147 млн. сомду мамлекетке кайтарбай келет. Ал эми өлкөнүн ички карызы ушул тапта 7 млн. 744 миң сомго жетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG