Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

29-октябрда «Арнамыс» партиясынын төрагасы Ф.Куловдун 55 жылдыгы белгиленет


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан жетекчиси Феликс Кулов 29-октябрда 55 жашка толот. Буга карата эртеңден тартып партия ишчаралар жүргүзө баштайт. Бул жөнүндө бүгүн «Арнамыс» партиясынын өкүлдөрү маалымдашты. Ф. Куловдун мааракесине карата ал жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Чүй облусунун Жаңыжер айылындагы жана башка түрмөлөдө да акциялар өткөрүлүшү күтүлөт. «Арнамыс» партиясынын жер-жерлердеги уюмдары Куловдун саясий ишмердүүлүгүнө арналган конференцияларды уюштурушат. Ал эми Бишкекте 29-октябрда эл аралык уюмдардын, саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Феликс Куловдун саясий жана коомдук ишмердүүлүгүнө арналган жыйын өткөрүлөт.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдаган Азиза Турдуева

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG