Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:14

Ирактын борборундагы “Багдад” мейманканасындагы жардыруудан алты адам набыт болду


Багдад. “Багдад” мейманканасында катуу жардыруу болду. Бул мейманканада негизинен Ирактын АКШ колдогон башкаруучу кеңешинин мүчөлөрү жашоочу. Франс пресс агентигинин жана бир катар батыш телекомпанияларынын билдиришинче эки автоунааны, полиция кызматкери мейманкананын жанындагы бекетте токтотууга аракет кылганда жарылган. АКШ аримясынын полковниги Питер Мансурдун билдиришинче, мейманкананын бет маңдайындагы текшерүүчү жайда автоунаа жарылган. 6 киши өлүп кеминде 10 киши жарадар болду.
Азаттыктын Багдаддагы кабарчысына күбөлөргө шилтеп маалымдашынча, мейманкананын чет жагында дагы бир автоунаа жарылган. Бул кабарды Франс-пресс агенттиги да ырастады.
Жардыруудан Ирактын башкаруучу кеңешинин мүчөсү Мовафак ар- Рубайи жеңил жарадар болгон. Ал “Азаттык” үн алгысына мындай деп билдирди:
- Биз терроризм менен согушуп жатабыз. Ушиндай каршылык көрсөтүүгө чакыргандар жаңылышат. Бул чабуулдар коалициялык күчтөргө каршы багытталган дегендер да жаңылышат. Алардын чабуулдары Ирак элинин кызыкчылыгына каршы багытталган.
Бүгүн эле Тикриттеги АКШлык аскерлердин базасынын жанындагы америкалык полицейлердин автоунаасы минага кабылып, эки полицей жарадар болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG