Беларустун Чукул абалдар министри Валерий Астаповдун маалыматына ылайык, Гродно дубанындагы Козловичский ооруканасына кечээ таң заарынан оорулардын бири өрт койгон. Оорукананын кызматкерлери өрттү өздөрү өчүрүүгө аракет кылып, жарым сааттан кийин гана жардам чакырышкан. 30тан ашык кишини ис урду. Президент Александр Лукашенко кырсыкты ийне-жибине чейин иликтөөгө буйрук берди.