Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:44

КУРМАНБЕК ОСМОНОВ: «ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА КЫРГЫЗ КОМИТЕТИН КАЙРА КАТТАГАН ЖОК»


13-октябрда биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов кыргыз өкмөттүк делегациясынын Варшавада Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) адам өнүгүшүнө арналган жылдык конференциясына катышуусу тууралуу маалымат жыйынын өткөрдү. Курманбек Осмонов Кыргызстан адам укуктары боюнча ЕККУнун алдында алган милдеттенмелерин так аткарып жатканын айтты. Ал республикадагы абал туурасында Варшава жыйынына чейин эле, демократияга жаңыдан баш койгон өлкөлөрдүн Уланбатордо өткөн жыйынында жана киши сатыкка каршы күрөш боюнча өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдардын сентябрдын аягында Киевде өткөн жыйынында маалымдалганын билдирди.

Курманбек Осмоновдун айтуусуна караганда, демократияга жаңыдан кадам таштаган жана өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн V-конференциясы 9-сентябрдан 12-сентябрга чейин Монголиянын башкалаасында өткөн. Ага 130дан ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышып, жыйында Кыргызстандын адам укуктары менен эркиндигин сактоо боюнча алган милдеттенмелери тууралуу да кеп болгон. Жыйын соңунда кыргыз делегациясын Монголиянын расмий адамдары кабыл алып, ортодо эки өлкөнүн кызматташтыгын жандандыруу жайында сөз жүргөн. Киевдеги жолугушууда киши сатыкка каршы күрөш маселелери талкууланган.

К.Осмонов:
- Билесиздер, АКШнын Мамлекеттик департаментинин чечими менен Кыргызстан үчүнчү, төмөнкү топтон экинчи топко которулган. Мындай чечим Кыргызстан киши сатууга каршы бир топ иштерди жасагандан кийин кабыл алынган. Өкмөт менен президенттин алдындагы Улуттук кеңеш бул багытта кыйла иштердин өтөлүн алды.

Осмоновдун айтымында, ЕККУнун жылдык жыйынында адам укуктары менен эркиндигине байланышкан бир топ проблемалар талкууланды.

К.Осмонов бейөкмөт уюмдар менен эркин басылмалардын ЕККУнун жыйынында чыгып сүйлөгөн өкүлдүрүнүн сөздөрүнө аргументтүү жооп бергенин айтып, “Моя столица” гезитинин жабылышын мындайча түшүндүрдү:

- Сиздер, журналисттер, жакшы билесиздер - бир да мамлекеттик орган жана сот “Моя столица” гезитин жабуу тууралуу чечим кабыл алган эмес. Адамдык абийирин, арнамысын, ишкердик беделин коргош үчүн гезитке каршы отузга жакын укуктук жана жеке тараптардан соттук доо арыздар берилген. Мен сотко доо арыз бергендердин тизмесин келтирдим. Сот чечими менен алардын доо арыздары жарым-жартылай канааттандырылган. Материалдык-каржылык жагынан кыйынчылыкка кабылып, айыппулдарды төлөй албай гезит өзү жабылды.

Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин (АУКК) айланасындагы иштерге токтолгон К.Осмонов буларды айтты:

- Адам укуктары боюнча кыргыз комитетин каттоо же кайра каттоо болгон жок. Баягы эле АУКК ошол эле боюнча. Кимиси төрага болот, кимисин чыгарып салат – бул алардын ички иши. Алар өздөрү чечим кабыл алып, Дырылдаевди жана кээ бир адамдарды комитеттин катарынан чыгарып коюшуптур. Ал эми башка, жаңы же ошол эле уюм кайра катталган жок. Ошол ошол боюнча, илгерки түзүлгөн боюнча эле иштеп келе жатышат.

Биринчи вице-премьер-министр Кыргызстандагы демократиялаштыруу жараяндарына да токтолду:

- Жаманбы-жакшыбы, коомду демократташтыруу иши бизде жүрүп жатат. Эл аралык уюмдар, анын ичинде ЕККУ да, азиялык бир катар өлкөлөргө, өзгөчө борбор азиялык өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстанда демократиялык институттардын өнүгүшүндө бир топ жылыштар бар экенин айтып келишет.

ЕККУнун жыйынында айрым бейөкмөт уюмдар Феликс Куловду саясий туткун катары баалап, аны тезинен боштондукка чыгаруу талабын коюшканына токтолгон К.Осмонов мындай жооп узатты:

- Феликс Кулов жаза мөөнөтүн соттун өкүмү боюнча өтөп жатат. Соттор, өзүңүздөр билгендей, өз алдынча мамлекеттик бийлик.

К. Осмонов жалпыга жарыя айтылган айрым пикирлери бурмаланып жатканына нааразы экенин да жашырган жок:

- Уйгур сепаратисттик уюмдары бар, “ШАТ”, “ШТИП” деген. Аны жалпы уйгур эли менен алмаштырып, “мына, уйгурларды басынтып атат, уйгурларды шылдыңдады, тиги-бу” деген туура эмес да. “Өзбекстан ислам кыймылы” дегенде эмне, өзбектерди шылдыңдаган болобузбу?

XS
SM
MD
LG