Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:00

АДАМ УКУГУ БОЮНЧА ЕВРОПА СОТУ ЛАТВИЯ ӨКМӨТҮН ЖАЗАГА ТАРТТЫ


Муса Мураталиев, Москва Бейшемби күнү Адам укугун коргоо боюнча Европа соту Орусия жараны Татьяна Сливенконун Латвия өкүмөтүнө койгон доосун карап чыгып, өкүмдү Сливенко айымдын пайдасына чечти. Европалык сот чыгарган өкүмдө доомат койгон тарап Латвия жеринде такыр жашап калууга укугу бар деп айтылган. Көрсө, ал үй-бүлөнү Латвия бийлиги 1999- жылы күч менен Орусияга көчүрүп жиберген экен.

Адам укугун коргоо боюнча европалык соттун кеңсеси Франциянын Страсбург калаасында жайгашкан.

Латвия бийлигине каршы доомат менен кайрылган орусиялык үй-бүлөнүн арызы боюнча Европалык соттун өкүмү 9-октябрь күнү чыкты. Эми ырасмий Рига 1999-жылы Сливенконун бүлөсүнү басынткандыгы үчүн алардын ар бирине 10 миң евродон каражат берүүгө тийиш. Ага кошумча алардын үстүнө үй берип, жашоосуна шарт түзүшү керек.

Албетте, экинчи саптагы талаптар Ригага кеңеш түрүдө айтылат. Ошондуктан, байкоочулар аны аткарбай коюуга болот дешет. Бирок Европа Биримдигине мүчө болуп алынганы аткан өлкөдө адам укугун коргоо маселесинде кынтыгы жок болууга тийиш: ошон үчүн өкүмдөгү бардык талапты Риганын аткарбаска аргасы жок.

Орусиялык саясий чөйрө Европа сотунун өкүмүн жакшы жышаан катары баалашты жана Латвияда эми тили буруулар (б.а. орусча сүйлөгөндөр) укугунун тепсөөрүндө калышына кылтак тартылат дешүүдө.

Ал эми Латвияда болуп келген журналисттер баамында, абал анча деле оңолуп кетпейт. Себеби, өлкө калкынын жарымынан аздык кылган латыштар советтер дубалы ураганы кабыл алган мыйзам ариби кыйла жагынан латыш элинин камын көрүүгө багытталган.

Буга бүт өмүрү Латвияда өткөн Татьяна Сливенко окуясы мисал. Татьяна ошол жерде туулуп, ошол жерде эрге чыгып, кыздуу болуп, кызы 18 жашка чыккан. Ага болбой Рига бийлиги 1999 жылы ал бүлөнү күчкө салып Орусияга көчүрүп жиберген.
Ошондон тарта Сливенконун бүлөсү Курск калаасында жашап, Орусиянын жарандыгын алган.

Адам укугун коргоо боюнча Европа сотунда азыркы тушта бир эле Латвия бийлигине доо коюп киргизилген арыздын эсеби 20. Талдоочулардын айтымында, ушул өкүмдөн кийин бу сындуу арыздар менен даттанган адамдардын саны 20 миңги жетиши мүмкүн.

Айта кете турган жери: Латвиянын мыйзамына ылайык, өлкө жарандыгына тили буруулардын 1941 жылга чейин Латвияда жашагандарды гана кабыл алынат. Ошол себептүү Татьяна Сливенко аерде туулуп, атүгүл кызы Карина турмушка чыкканы турганына карабай, ага жарандык берилбеген.

Татьянанын эри советтик армиянын офицери болгон. Жергиликтүү бийлик аны Латвия-Орусия ортосундагы келишим негизинде 1994 жылы эле Латвиядан чыгып кетүүсү керек болуучу деген.

Сливенко айым ишемби күнү «Российская газетасынын” кеңсесинде берген маегинде өз мекенине кайтып барууга даяр экендигин билдирди.

- Латвия менин бүлөмдүн Мекени. Биз аерге кайтып кетүү үчүн ушунча убара болдук жана ага кайтып кетүүнү каалайбыз. Орусия биздин экинчи Мекенибиз. Мындан ары биздин эки мекенибиз болот.

Бул иштин адвокаты Виталий Портнов ( “Известия” ) гезит аркалуу билдирген түшүндүрмөсүндө, “кысымга алынып, укугу тебеленип аткан, өлкөдөн чыгарылып ташталган же өлкөдөн сүрүлүп ташталганы жаткан Латвиянын тили буруулары - орусча сүйлөгөн тургундары үчүн бул чечимдин мааниси өтө зор”, - дейт.
XS
SM
MD
LG