Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

ЭМДИГИ ЖЫЛЫ МУГАЛИМДЕР МЕНЕН ДАРЫГЕРЛЕРДИН АЙЛЫГЫ 30% КӨБӨЙӨТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны 2004-жылдын бюджетин кароодо. Кыргыз өкмөтүнүн пикиринде, эмки жылдагы бюджеттик саясат калкты социалдык жактан коргоого багытталган. Бирок айрым депутаттардын баамында, келерки жылкы бюджетте элге камкордук анча деле байкалбайт.

2004-жылдын бюджетиндеги кулакка жагымдуу жаңылыктардын бири - мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгынын 30% жогорулап атканы. Бул, алардын айлыгына болжол менен 150-200 сом кошулат деген кеп. Президент Аскар Акаев муну Мугалимдер күнүнө арналган салтанатта сүйүнчүлөгөн. Кыргыз өкмөтү билдиргенге караганда, келерки жылдагы бюджеттик саясат Жакырчылыкты жоюунун улуттук стратегиясын ишке ашырууга багытталат. Эскерте кетели, быйыл 1-апрелден баштап мугалимдердин айлыгы 15% жогорулаган. Бирок ал көбөйтүлгөн маяна эмдигиче мугалимдердин колуна тие элек. Финансы министри Болот Абилдаевдин айтымында, эмки жылы кошулчу акчага мамлекет каражатты өз убагында которот. Бирок жыл башынан дароо айлык көтөрүлөт деп ишенгенге али эрте. Финансы министри “эмки жылы 1-апрелден баштап мугалимдер менен дарыгерлер жогорулатылган маяна ала башташат” деген эле. Ал эми дүйшөмбүдө ал депутаттарга айлыкты келерки жылдын экинчи жарымынан баштап гана көбөйткөнгө аракет кылаарын билдирди.

2004-жылдагы бюджеттин деле шору - карыздарда. Тышкы карызды жапканга 3 млрд. сом жумшалмакчы. Ошол эле учурда депутат Шамшыбек Медетбеков белгилегендей, Кыргызстан үчүн тышкы карыздан мурун ички карыздар коркунучтуу болуп турат. Учурда өкмөттүн мойнунда айлык боюнча 341 млн. сом карызы бар. Өкмөт чет мамлекеттерден мурун элден кутулбаса, ал коомдогу социалдык чыңалууга алып келээри дайын.

Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгынын 30% көтөрүлгөнүнө нааразы болушту. Мисалы, айрым депутаттар «бир жылы мугалимдердикин 100%, кийинки жылы дарыгерлердикин 100% көтөрөлү» деген сунуш киргизишти. Бирок буга финансы министри макул эмес. Ал депутат Асамидин Мариповдун суроосуна жооп берип атып, анткенде дарыгерлерди же мугалимдерди таарынтып алуу коркунучу бар экенин айтты.

2004-жылга карата бюджеттин тартыштыгы - 561 млн. сом. Адистердин айтымында, быйылкы бюджетте көрсөтүлгөнгө караганда ал 4,5 эсе чоң. Финансы министри Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) талабына ылайык 2004-жылдын бюджети реалдуу, тартыштыгы так көрсөтүлгөн бюджет болгонун бир нече жолу айтты. Бирок айрым депутаттардын айтымында, тартыштыкты так көрсөткөн менен жылдагыдай аны жашыргандын айырмасы жок. «Баягы эле Мамайдын көрү» болушу ыктымал. Анткени бюджетти кабыл алып атканда жана бекиткенде киреше бөлүгү чыгашаларды жаап, баары тегиз өңдөнөт. Жыл аяктагандан кийин эле ыйлаган киши көп. Мугалимдер айлыгын ала элек, бюджеттен тигил же бул мекеме үчүн каралган акчанын кайда кеткени дайынсыз. Эсеп палатасы 2002-жылы бюджеттен 475 млн. сом «желип» кеткенин тастыктап отурат. Финансы министри Болот Абилдаевдин айтымында, бюджеттин так аткарылышына «кошумча чыгашалар» деген берене жолтоо болуп келет:

- Жыл сайын ушундай болот. Кошумча чыгашаларды талап кылгандардын арасында табигый кырсыктар да бар. Ага кантип акча бөлбөй коебуз? Анан кээ бир министрликтерге кошумча да каражат керек болуп калат, ага которобуз. Ушул алдын-ала биз билген чыгашалар бюджеттин аткарылышына чоң таасир берип атат.

Депутат Жаныш Рүстенбеков «2004-жылдын бюджети социалдык коргоого багытталган» деп айтууга таптакыр каршы. Ал сессияда да бул тууралуу катуу сын айтты. Анын оюнда, элге чындап кам көргөн өкмөт айлыкты көтөргөнгө оңой эле каражат тапмак:

- «Айлыкты көтөргөнгө каражат жок» дегени - болбогон сөз. Ага өкмөттүн колунда толтура булак турат. 2004-жылдын бюджетинде элге пайдалуу эч кандай нерсе жок. Кыргыз бийлиги элдин жашоосу менен таптакыр эсептешпеген бюджетти ЭВФ менен кошо отуруп ийлеп келгенге маш болуп баратат.

Кыргыз өкмөтү республикалык административдик-маданий-ишкер борбор курууга белсенүүдө. Өкмөт башчысы Николай Танаев депутаттарга сессияда билдиргенине караганда, бул чоң имараттын курулушуна болжол менен 3 млн. доллар коройт. Премьер-министрдин бул жаңылыгы депутаттарды кубандырган жок. Жаныш Рүстенбековдун айтканына караганда, ар бир министрликтин конок тосчу жайы кошо курула турган бул имаратка 3 млн. доллардан да көп каражат кетиши ыктымал. Мисалы, келерки жылдын бюджети боюнча ал имараттагы №1-конок үйдү курганга финансы министри каражат табат экен. Абилдаевдин айтымында, «ал үйгө менин атымды койсоңор, акча берем» деп аткан араб шейхи бар. Жаныш Рүстенбековдун пикиринде, кыргыз өкмөтү араб шейхтери жөнүндө жомок айтканды токтотушу керек. Анын сөзү боюнча, курула турган зор имарат кимге кызмат кылса да, жакыр элдин турмушун жеңилдетпейт.

XS
SM
MD
LG