Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

Таластык соодагерлер облустун жетекчилигине арыз жолдошту


ТАЛАС. Казакстандын Жамбыл облусуна айыл чарба продукцияларын ташып соода кылган ондон ашык таластык дыйкандар облустун губернатору Искендер Айдаралиевге кайрылуу жолдошту. Кайрылууда аларды жолдон айрым бажы жана МАИ кызматкерлери токтотуп, мыйзамсыз акча талап кылгандыгы тууралуу жазылган. Губернатор фискалдык жана укук коргоо органдарынын жетекчилерин шашылыш чакырып, жыйын өткөрдү. Ал жеке ишкерлерге, дыйкандарга шарт түзбөй, аларга мыйзамсыз бөгөт коюп, кызмат абалынан пайдаланган кызматкерлерди кызматтан четтетүү боюнча катуу талап койду.


Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бурулкан Сарыгулова жана Бакыт Аманбаев

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG