НАРЫН. Бүгүн Атбашы жана Нарын райондорунун аймагына кар түштү. 1987- жана 2000-жылдары да облуста кар ушундай эрте түшкөн. Азыр облустук жана райондук акимчиликтердин өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссиялар жер-жерлерге чыгып, айыл чарбасынын ахывалы жөнүндөгү маалыматтарды алып жатышат. Мисалы, Нарын районунун аймагында 600 гектардай жерде эгин орула элек, 400 гектарга жакын аянтта картошка казылып алына элек.