Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, Баткен облусунун төрт жылдыгы Баткен шаарында белгиленди


БАТКЕН. Бүгүн Баткен облусунда президент Аскар Акаевдин катышуусу менен Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы жана облустун уюшулганынын 4 жылдыгы белгиленди. Кош мааракени президент А.Акаев жогорку кубаттуулуктагы «Айгүл таш» кичистанциясын жана «Манас» тарыхый-маданий комплексин ачуу менен баштады. «Айгүл таш» кичистанциясы Алай-Баткен электр линиясынын курулушунун алкагында салынган. Андан соң Баткен шаарынын борбордук стадионунда мааракенин салтанаттуу бөлүгү башталды. Жыйындагы өз сөзүндө президент облустун калкын бул кош маараке менен куттуктап, облус түзүлгөн соң мамлекеттик чек аранын бекемделгенине, кошуна өлкөлөрдүн бажы, чек ара бекеттериндеги карапайым калкты түйшүккө салган мамилелер жөнгө салына баштаганына токтолду. Салтанат облустагы мекеме-уюмдарынын эмгек жамааттарынын парады менен коштолуп, ар кандай оюн-зоок менен уланды.

XS
SM
MD
LG