Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Өзбекстандык чек арачылардын аткан огунан кыргызстандык бир адам жарадар болуп, өзбекстандык эки адам каза тапты


БИШКЕК. Өзбекстандык чек арачылардын аткан огунан эки өзбекстандык атуул каза таап, бир кыргызстандык жана бир өзбекстандык атуул жараат алган. Окуя 10-октябрь күнү кечинде Ош облусунун Араван районунун Чекабад айыл өкмөтүнө жакын жерде, кыргыз-өзбек чек арасынын Өзбекстан тарабында болгон. Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Маматемин Жанболотовдун «Азаттык» радиосуна берген маалыматына караганда, өзбекстандык чек арачылар белгисиз жагдайда бир нече жолу автоматтан ок чыгарышкан. Натыйжада, Өзбекстандын 1977-жылы туулган атуулу Таиров Умар, 1978-жылы туулган атуулу Анаркулов Икрам каза болушкан. Мындан тышкары, өзбекстандык Таиров Самат жана 26 жаштагы кыргызстандык Абдулазизов Азизбек жарадар болушкан. Кыргызстандын атуулуна эки жолу ок тийген. Атылган ок бир санынан кирип, экинчи санынан чыгып кеткен. Экинчи ок көкүрөгүн чырпып кеткен. «Учурда Абдулазизов Азизбек Араван районунун ооруканасында дарыланууда. Ал эми окуя боюнча тергөө ишин Өзбекстандын Анжиян облусунун ички иштер башкармалыгы жүргүзүп атат», - деп кошумчалады М.Жанболотов.

XS
SM
MD
LG