Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:19

ТҮРКИЯ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШКА СУУ САТУУ ДОЛБООРУН ИШКЕ АШЫРУУДА


Хаким Озген, Измир Түркийа менен Израил өкмөттөрү Израилге суу сатуу тууралуу өз ара мурда макулдашкан. Жакында эки өлкө сууну сатуу тууралуу эки жактуу келишимге кол коет деп күтүлүүдө. Келишим боюнча, Түркия Израилге жылына 50 миллион куб метр суу сатууну болжойт.

Израилдин мурдагы премьер-министри, таанымал сайасатчы Симон Перес бир кезде “Жер менен согуш, суу менен сайасат жүргүзүүгө болот” деп айтуу менен, Жакынкы Чыгышта суу мунай сыяктуу эле үлкөн стратегийалык мааниге ээ экенин баса көрсөткөн. Сыртынан жөнөкөй соодадай көрүнгөн менен, Түркийанын түштүгүндөгү Манавгат дарыйасынан ээн аккан сууну тазалоодон өткөрүп, Израилге сатуу боюнча кол койууга дайардалып жаткан келишим, жалпы Жакынкы Чыгыштагы азыркы жана болочоктогу сайасий кырдаалга бул же тигил багытта таасир этчү мүнөзгө ээ.

Үстүбүздөгү айдын башында VI Евроазийа Экономикалык Саммитине катышуу максатында Истамбулга келген Израилдин Энергетика жана инфраструктура министри Йосеф Парицкинин маалымдашынча, алдын ала маакулдашууга ылайык, Израил 20 жыл бойу Түркийадан жылына 50 миллион куб метр таза суу сатып алмакчы. “Түркийанын сатууга суусу бар, биздин сууга керектөөбүз бар. Биз Түркийа менен маакулдаштык жана бул 20 жылдык келишим болот”,- деп билдирген израилдик министр. Анын айтышынча, табыйгы газ жана мунай соодасын, ошондой эле, сугат тармагында тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн азыртан ойлонуу зарыл. Парицкинин пикиринде, мындай кызматташуу “ОПЭК уйумуна алтернатива боло алат”.

Манавгат суу сатуу долбоору, бир четинен Жакынкы Чыгышка суу сатуу жөнүндө мурдатан сунуш кылынган “Тынчтык суусу долбоорун” кайрадан күн тартибине койду. Маалым болгондой, таза сууга тартыштыгы бар Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө суу сатуу демилгесин алгачкы жолу 1986-жылы маркум президент Тургут Өзал көтөрүп, анын 1987- жылда Дамаскиге болгон сапары учурунда “Тынчтык суусу долбоору” иретинде Сирийага сунуш кылынган. Ал долбоор бойунча, Түркийанын түштүгүндөгү Сейхан жана Чейхан дарыйаларынын керектөөдөн ашык сууларын 2 айрым боро аркылуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө ташуу болжолдолгон эле.

Бирок, долбоор араб өлкөлөрүнө жакпай, кескин сындоолорго дуушар болгон. Арабдар курулуучу куур араб жерлеринен өткөнүнө карабай, иш жүзүндө Израилди суу менен тейлөөнү көздөйт деп каршы чыккандан улам, долбоор токтоп калган.

Арабдар эгерде Түркийда сыртка саткыдай мол суусу болсо, анда Тигр жана Ефрат дарыйалары аркылуу Сирийа менен Ирака берилген суунун көлөмүн арттырсын деген талап койушкан. Башкача айтканда, алар суунун акчага сатылчу товарга айлануусуна каршы чыгышты. Ошондуктан, Түркийа алтернативалуу Манавгат суу долбоорун иштеп чыкканга аргасыз болду жана Израил менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде 150 миллион доллар чыгымдап, Манавгат дарыйасынын суусун тазоочу өндүрүштүк комплексти курду. Бирок, сууну ташуудагы проблемалар менен суунун баасын белгилөөдөгү келишпөөчүлүктөр себептүү ал комплекс эки жылдан бери иштебей турат.

Израил азыр таза сууну арзан алуу үчүн денгиздин суусунан тузду бөлгөн атайын технологийаны пайдаланууда. Бирок, адистердин маалыматтарына караганда, деңиздин суусунан таза суу алуу өндүрүштүк жактан өтө татаал иш жана атайын технология менен бөлүнгөн туз экологийалык жактан өтө зыйандуу болгондуктан, анын келечеги анча жок. Ушул жагдайлар Израилдин Түркийа менен суу сатуу тууралуу жаңы сүйлөшүүлөрдү баштоосуна түрткү бергендей.

Маалымат булактарынын билдиришинче, Түркийанын Энергетика жана табигый ресурстар министири Хилми Гүлер алдыбыздагы айда Израилге барып, бул тууралуу келишимге кол коет.

Түркийа сууну сатуу бойунча аймактагы араб мамлекеттери менен да сүйлөшүүлөрдү баштоо, атүгүл ыраматылык Тургут Өзал сунуш кылган “Тынчтык суусу долбоорун” күн тартибине кайра киргизүү аркылуу, экономикалык пайдасын ойлойт. Андан да маанилүүсү: Анкара региондогу сайасий ролун бекемдөөнү көздөйт. Анткен себеби, адамзат мунайсыз деле жашай алат. Ал эми Жерде таза суунун кору улам азайып бараткан шартта, анын стратегийалык мааниси дагы өсөрү айкын.

Суу ошентип бир гана Жакынкы Чыгышта эмес, дүнүйөнүн башка аймактарында да, Симон Перес айткандай, “сайасат жүргүзүүнүн” стратегийалык куралына айланып баратканы байкалууда. Буга бир далил ирети, алгачкы жолу 1980- жылдары көтөрүлгөн Сибирдин дарыйаларын Борбор Азийага буруу жөнүндөгү долбоордун кийинки учурда Российанын жетекчилери тарабынан кайра козголуп жатканын айтса болот.

XS
SM
MD
LG