Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:25

Улан Эшматов (Ulan Eshmatov), Прага Багдаддагы америкалык администрациянын жетекчилиги жанкечтилер жасаган жардыруулар менен кол салуулар аларды жана ирактыктарды коркута албасын билдирүүдө. Жекшемби күнү Багдаддын борборундагы жардыруудан алты адам өлүп, ондогон киши жарадар болгон эле. Бутага АКШ жетектеген коалициянын өкүлдөрү менен Ирактын Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү туруучу мейманкана алынган. Мунун аралыгында АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешинин кабыл алуусу үчүн Ирак боюнча резолюциянын жаңыланган долбоорун даярдаганы маалым болду.

Жекшембиде чак түштө, башкалаа Багдаддын борборундагы ага аты уйкаш мейманкананын жанында болгон жарылуу жанкечтилер айдаган автоунааларды колдонуу менен август айынын башынан бери эле жасалган терракттардын жетинчиси. Андан бери мындай чабуулдардын айынан жергиликтүү жана чет элдик 140тан ашуун адамдын өмүрү кыйылды, жүздөгөнү жараат алды.Бутага Ирактагы америкалык аскерлер, коалициянын өкүлдөрү менен жергиликтүү ишмерлер да алынууда. Бейкүнөө ирактыктар да жогорудагыдай кол салуулардын курмандыгына айланып жатканы жашыруун эмес. Буга чейин жанкечтилер айдаган автоунаалар: Иорданиянын Багдаддагы элчилигинин жанында, эки ирээт БУУга караштуу кеңселерде жарылган. Ал эми бул жолу АКШ баштаган коалициянын өкүлдөрү, алар менен контрактык негизде кызматташкандар, Ирактын Башкаруу кеңешинин айрым мүчөлөрү туруучу "Багдад" мейманканасы бутага алынып олтурат. Жанкечтилер айдаган эки автоунаа биринен соң экинчиси мейманкананы курчаган тосмолордун түбүндө жарылды. Андан күзөттө турган алты ирактык мерт болуп, 30дан ашуун киши жараат алган. Америкалык аскерий өкүлдөрдүн айтымында, күзөтчүлөрдүн мейманкананын кире беришине жакындап барууга аракеттенген автоунааларды көздөй учурунда ок чыгаруусу чоң кырсыктын алдын алынышына өбөлгө берди.

Адаттагыдай эле бул жардырууну жасагандардын артында кимдер турары: аль –каидачыларбы же изин таптырбай кеткен Саддам Хусейндин жактоочуларыбы? Анык белгисиз. Ирактын полиция башчысы Ахмед Ибрагим жардырууну уюштургандар деп дал ушул эки топту: Саддамдын колдоочуларын же ал-каидачыларды эсептейт. "Алар эгер муну( жардырууну) жасашса эле америкалыктар коркуп, Ирактан кетет деп ойлошууда",- деди ирак полициясынын жетекчиси кабарчылар менен болгон маегинде. Ал эми Ирактагы америкалык администрациянын башчысы Пол Бремер өз билдирүүсүндө жекшембидегидей жардыруулар коалицияны жана ирактыктарды чоочута албасына, жолдон тайдырбасына басым жасады. Анын пикиринде, жогорудагыдай терракттар Иракта жетишилген ийгиликтерге көө жабуу максатын көздөйт. Бремер ошондой эле жергиликтүү полиция кылмышкерлерди издеп таап, жоопко тартарына ишеним билдирди. Бирок баяндамачылар белгилеп жатышкандай, жанкечтилердин буга чейинки чабуулдары боюнча жүргүзүлгөн иликтөөлөр азырынча олуттуу жыйынтык бере элек. Иликтөө иштерине АКШнын Федералдык тергөө бюросу да катышып жатканы маалым.

Күн өткөн сайын Иракта каза тапкан америкалык аскерлердин саны өсүүдө.Акыркы бир сутканын ичинде эле Баиджи жана Тикрит шаарларында бирден жоокер мерт болгон. Муну менен Ирактагы негизги аскерий операциялар аяктады деп жарыяланган 1-майдан бери АКШ 96 жоокерин жоготту. Ирактагы кырдаал Ислам Конференциясын Уюмунун бул күндөрү Малазиянын Путуражайа шаарында өтүп жатканын жыйынында башкы маселелердин бири катары каралып жатат. Дүйшөмбү күнү тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинде Малайзия дипломатиясынын башчысы Саид Хамид Албар Иракта чет элдик оккупацияны токтотуу зарылдыгын белгиледи:

- Ирак бүгүн чет элдик оккупацияда экени чындык. Өлкөнүн утурумдук Башкаруу кеңеши бар экени да чындык. Анткен менен Ирактагы чет элдик оккупация ирактыктардын өздөрү каалагандай болушунча тез аякташы керек.

Ушундай эле мүнөздөгү билдирүүнү жыйында Ислам Конференциясы Уюмунун башкатчысы Абделвахид Белкезиз да жасаган.

Мунун аралыгында АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңеши үчүн Ирак боюнча резолюциянын жаңыланган долбоорун даярдаганы маалым болду. Кабарларга караганда, документте Ирактын Башкаруу кеңеши өлкөдө шайлоо өткөрүү жана Конститутцияны кабыл алуучу мөөнөттү аныкташы үчүн декабрь айынын орто ченине чейин убакыт берилери айтылган. Резолюциянын АКШ Коопсуздук Кеңешине киргизген буга чейинки долбооруна Ирактагы бийликтин көпчүлүгү Вашингтондун колунда калып жатканын жүйөө кылып, Франция, Германия, Орусия каршы болгон эле.
XS
SM
MD
LG