Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК АЙМАКТАР МЫЙЗАМДАРДЫ САКТАБАЙ ЖАТЫШАТ


Кыргызстанда «Бишкек», «Каракол», «Нарын» жана «Маймак» эркин экономикалык аймактары иштейт. Өкмөттүн болжолунда, эркин экономикалык аймактар чет өлкөлүк инвестицияны тартууга жагымдуу шарт түзүп, экспорттун көбөйүшүнө чоң салым кошуш керек эле. Бирок айрым талдоочулар «эркин экономикалык аймактар аркылуу аткезчилик товарлар ташылып келип жатат, зыяны көп болуп жатат» деген пикирлерин айтып жүрүшөт. Жакында Эл өкүлдөр жыйынынын депутаттары эркин экономикалык аймактардын маселесин карап, атайын токтом кабыл алышты.

Эркин экономикалык аймактарды ачкан мамлекеттердин көбү жакшы ийгиликтерге жетишкен. Бирок Кыргызстанда эркин экономикалык аймактар эрежелерди сактабай, мамлекетке зыян алып келген учурлар көп. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны өткөн аптада депутат Жуман Акулуевдин демилгеси менен эркин экономикалык аймактардын маселесин карады. Жуман Акулуевдин айтымында, эркин экономикалык аймактар бир ууч гана адамдардын чөнтөгүнө кызмат кылып келатат.

- Эркин экономикалык аймактардын чек арасын так аныктап, аларды тоспогондун аркасында көмүскө иштер көп болуп жатат. Өзгөчө, күйүүчү жана майлоочу майлар «Нарын», «Каракол» жана «Маймак» эркин экономикалык аймактарына жетпей эле, ушул Бишкектин, Чүйдүн, Ош менен Жалалабаддын аймагында сатылып жаткан учурлар көп. Башкача айтканда, мындан бир ууч эле адамдар пайда көрүп жатышат, - деди Жуман Акулуев.

Финансы министри Болот Абилдаевдин айтымында, Кыргызстандагы эркин экономикалык аймактардын көбү салык жеңилдигин пайдаланып жатканы менен, чыгарган товарларын чет өлкөгө эмес, өлкөнүн ичине сатып, зыян алып келүүдө.

- Эгерде мыйзамдын чегинде иштешсе, эркин экономикалык аймактар мамлекетке чоң пайда алып келишмек. Негизи ал жерден чыккан товарлар чет өлкөгө сатылып, бизге миллиондогон сом пайда алып келиши керек эле. Бирок ал жерде каттоодон өткөн ишканалар салыктан да жеңилдик алып, товарын да чет өлкөгө сатпай жатышат. Алдап жүрүшөт. Зыяны бар, - дейт финансы министри.

Болот Абилдаевдин пикиринде, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынан башка аймактар мыйзамды сактабай жатышат.

- «Бишкек» аймагы жакшы эле иштеп жатат, мыйзамдардын алкагында. Бирок «Нарын», «Каракол», «Маймак» аймактары алардан мыйзам талап кылган шарттарды толугу менен аткарбай келатышат, - деди Болот Абилдаев.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестиция тартуу боюнча комитеттин төрагасы Равшан Жээнбековдун айтымында, эркин экономикалык аймактардагы башаламандыкты токтотуш үчүн өкмөт жаңы мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке сунуш кылды.

- Ар бир экономикалык аймактын өзүнүн чеги болуш керек, - дейт Равшан Жээнбеков. - Бирок «Нарын», «Каракол» аймактарында андай чек такталган эмес. Азыр баарынын чегин тактадык. Эми «Нарын», «Каракол» жана «Маймак» эркин аймактары тууралуу мыйзам долбоорун даярдап, Жогорку Кеңешке сунуш кылдык, жакын арада каралат.

Равшан Жээнбековдун айтымында, эгер мурда өкмөт Кыргызстанда өндүрүлбөгөн тамеки, спирт ичимдиктери жана күйүүчү май сыяктуу товарларды эркин экономикалык аймактар аркылуу өлкөгө ташып келүүгө уруксат берип келген болсо, кийин ага чек койду.

Эркин экономикалык аймактардын өкүлдөрү болсо «1996-жылы март айында кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык аймактар жөнүндө» мыйзамга бир нече ирет өзгөртүү кирип, натыйжада Кыргызстанда иштөөнү каалаган инвесторлордун саны азайып кетти» деген ойлорун айтып келишет. Алсак, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Эмиль Ибраимовдун айтымында, депутаттардын 2000-жылы мыйзамга киргизген өзгөртүүсү абалды кескин начарлатып жиберген. Эске сала кетели: 2000-жылы депутаттар эркин экономикалык аймактардын күйүүчү май, спирт ичимдиктери жана тамеки сыяктуу товарларды өндүрүшүнө жана ташып келишине тыюу салган мыйзам кабыл алышкан. «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жооптуу кызматкери Бусурманкул Токтоналиевдин айтымында, мыйзамдардын тез-тез оңдолуп жатышы республикада жагымдуу инвестициялык шарт түзүүүгө терс таасирин тийгизүүдө.

- Депутаттар негизинен көп нерсени туура эмес кылышты. Мыйзам бат-бат өзгөрбөшү керек. Мисалы, 5 жылда төрт жолу мыйзамга өзгөрүү кирип жатса, кайсы чет өлкөлүк инвестор келмек эле, - деди Бусурманкул Токтоналиев.

Белгилей кетиш керек, президенттин кеңешчиси Андерс Ослунд «Бишкек» эркин экономикалык аймагынан башка эркин аймактарды же мыйзамга чакырып, же болбосо биротоло жабыш керек» деген пикирин айтып келатат.
XS
SM
MD
LG