Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:27

МАРКУМ АНАРБЕК БАКАЕВДИ ЭСКЕРҮҮ


«Адам жана тагдыр» түрмөгүнөн кыргыздын бул дүйнөдөн мезгилсиз көзү өтүп кеткен мыкты инсандары тууралуу сөз кылабыз. Бул жолу белгилүү мамлекеттик ишмер, мурдагы улуттук коопсуздук министри, маркум генерал Анарбек Бакаев жөнүндө кеп болмокчу.

Маркум Анарбек Бакаевди эстегендер анын сабырдуу, акыйкатчыл мүнөзүн өзгөчө белгилешет. Бирге иштешкендер маркумдун адамгерчилигин бийик чокулуу алп тоолорго салыштырат. Бакаевдин элесине арналган китепте айрым адамдар «мыкты инсан менен замандаш болгон тагдырыма ыраазымын» деп жазышкан. Анткендери Бакаевдин интеллектуалдуулугунан, адамдарга жасаган принципиалдуу сергек мамилесинен, боорукерлигинен улам болуш керек.

«Балким тубаса мүнөздүр. Ошондон улам мамлекеттик кызматтарда болобу же илимде жүрөбү, акыйкатчыл мүнөзү тепкичтен-тепкичке көтөрүлгөн сайын бышып жетилип отургандыр» деп жазат президенттин кеңешчиси Болот Жанузаковдун өз эскерүүсүндө. «Бакаев кыргыз саясатчыларынын, мамлекеттик ишмерлердин эталону болчу, - дейт ал. - Адамгерчиликти, рухий жан-дүйнөнү таза кармап, кийин мамлекеттик деңгээлдеги кызматты да эң бийик, жогорку профессионализм менен айкалыштыра алган». Болот мырза белгилегендей, Бакаев улуттук намыс үчүн төрөлгөн, бычакка сап болчу белгилүү инсандардын бири эле.

«Анарбек Бакаевдин Улуттук коопсуздук кызматына барганы өз убагында Аскар Акаевич тарабынан эң бир туура кабыл алынган чечим болду десем жаңылышпайм, - дейт өз эскерүүсүндө белгилүү саясатчылардын бири Кемелбек Нанаев. - Ошол мезгилде бул кызматка философиялык ой жүгүртүүсү мыкты, ички дүйнөсү кенен, руху бийик адам керек болчу. Анарбек кыргыз чекисттерине интеллектуалдык жактан гана үлгү көрсөтпөстөн, алардын көз карашына, ички дүйнөсүнө да чоң таасир калтырып кетти. Алар аскердик тартиптен бөлөк, патриоттуулуктун башкача көрүнүшү бар экендигин сезишти. Бир кылымда бир жаралган жигит эле».

Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рүстенбеков Бакаевдин өзгөчөлүгүн мындайча белгилейт: «Анарбек өзүнө гана тиешелүү эмгекчилдик, эрудициялуулук менен ишти өздөштүрүп кетти. 1994-жылдары оппозиция күчөй баштаганда «мен өз деңгээлимде иштей албай жүрөт окшойм» деп өзүнө-өзү шектенип, арыз жазган убактары да болгон. Анда мен мамлекеттик катчы болчумун. Арызын кайра кайтарып, иштей берүүсүнө кеңеш бергем. Аны өзгөчө кредиттерди, инвестицияларды кайтаруу маселеси көп ойлонтчу. Кредиттерди алып, аны тескери же туура эмес пайдаланып жаткандарга нааразы болчу. Азыр мен экономикалык кылмышты эстегенде Анарбектин сөздөрүн эстейм. Ал «экономикалык кылмыштуулукту токтотмоюн, эч жарыбайбыз» дечү, маркум. Кызматка бийик мамиле жасаган Бакаевдей адамдар арбын болгондо өлкөбүз алда-качан оңолуп кетмек».

«Философиядагы жаңы багыт боюнча Бакаев алгачкылардан болуп диссертациялык ишин жазган, - деп эскерет академик Аскар Какеев. - Анарбек табигый нерсе менен жасалма нерсенин ортосундагы байланыштын өзгөчөлүктөрү тууралуу диссертациялык ишин жактаган. Ал бүгүнкү күндөгү татаал, актуалдуу маселени колго алып, өзүнүн кандидаттык диссертациясын ошого арнаган. Андан кийин докторлук диссертациясынын үстүндө иштеп жатканда, ойлогон оюнун аягына чыкпай калды. Анарбектей акылы тунук, уюштуруучулук жөндөмү терең, таланттуу кадрларга мамлекет муктаж эле. Анарбек жөнүндө сөз болгондо мен кайталангыс ойчул, илимпоз, ак пейил, адилеттүү, улуу инсанды элес алам».

Улуттук коопсуздук кызматынын алдындагы Чекисттерди даярдоочу жогорку курска Бакаевдин аты берилген. Анын демилгечилеринин бири болгон, Бакаевдин жакын жолдошу, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчиси, азыркы юстиция министринин орун басары, генерал Таштемир Айтбаев жогорудагы пикирлерди өз сөзүндө бышыктап, маркумдун кыска өмүр жолундагы урунттуу жерлерин мындайча эске салды:

- Анарбек кыргыз элинин белгилүү инсаны болгон. Мунун өзгөчөлүгүн айтып коюш керек. 1991-жылы министр болгон. Мурда, өзүңөр билесиңер, органдарда иштеген эмес, философия менен алектенчү эле. Кийин билим берүү министри болгон. Илимде иштеген жигитти тандап, министр кылып койгону абдан туура болгон экен. Анткени Союз ыдырап турган кезде, абдан кыйын, татаал убакта башкарган да биздин министрликти. Ал Кыргызстан эгемендүү болгондогу биринчи улуттук коопсуздук министри болгон. Муну эл көп эле биле бербейт. Советтер Союзу болгондо КГБнын иш ыкмалары, иш милдеттери бөлөк болчу. Аны айтууга болбойт. Ошонун баарын уюштуруп, тиешелүү ыкмаларды колдоно билгенине биз ыраазычылыгыбызды айтып жүрөбүз.

Айтмакчы, А.Бакаев кырсыкка учураган кез - ушул октябрь айы болчу. Тагыраак айтканда, «1996-жылдын 21-октябрь күнү «аябай сонун эс алыптырмын» деп уйкудан ойгонгон эле» деп эскерет өмүрлүк жубайы. Ошол шору каткан дүйшөмбү күнү чыгып кеткен боюнча, бир жарым жыл дегенде үйгө сөөгү келди.

- «Анарбек Бакаев автокырсыкка учураптыр» деген суук кабар ушул күнгө чейин кулагымда турат, - дейт сегиз жыл мурдагы каргашалуу окуяны эске салып Анарбек Бакаевдин бир тууган эжеси Касиет Бакаева. - Октябрь айы биз үчүн өтө оор. Бир тууганым Анарбектин өлүмүнө себепкер болгон автокырсыгы ушул айда болгон. Көзүн ачпай, акылына келбей, 11 ай жатып, бир сөзгө келбей кетиши арман болду. «Сүйлөп кетет бекен, сүйлөп кетсе бир нерсени айтат го» деген үмүт бизде да болду, калайык калктын күткөнү да ушул болду. Каргашалуу суук кабарды укканым бүгүн деле кулагымда жаңырып турат. Бир күн мурда телефондон сүйлөштүм эле. Бир машинада бараткандардын ичинен арткы орунда бараткан Анарбектин айыкпас кырсыкка дуушар болушу ушул күнгө чейин таң калыштуу. Алдыңкы орунда кетип бараткан жансакчы жана айдоочу таза калган. Ал эми «арткы орунда бараткан Анарбектин баш сөөгү өтө катуу урунган» дешти дарыгерлер. Көрбөгөндөн кийин, колуңда далилдер жок болсо, эмне дейсиң. Бир туугандык сезимдерден, кейип-кепчигенимден айтып жатам.

Маркум Анарбек Бакаев Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 2 жылдыгына карата бир гезитке берген интервьюсундагы сөздөрүнөн эле анын көздөгөн багыт-максаттары үн салып турат:

«Сталиндик жетекчиликтин астында болгон революциянын, партиянын, элдин атынан жүргүзүлгөн мыйзамсыздык, зордук-зомбулук жана массалык репрессия - өткөн замандын бизге калтырган абийирсиз мурасы. Миңдеген кыргызстандыктар, алардын ичинде не деген улуу инсандар моралдык кыйноолорго дуушар болуп, нечендери жок болуп кетишкен. Алардын үй-бүлөлөрүнүн, жакын туугандарынын жашоо-турмушу чыныгы тозокко айланган, алар чексиз кыйноолорго жана кемсинтүүлөргө дуушар болушкан. Акыркы үч жылдын ичинде негизсиз жабыр тарткандардын беш миңден ашыгы акталды. Үч миңден ашык тергөө иштери мыйзамсыз катары токтотулду. Бул ишти улантуу керек. Акыйкаттуулукту калыбына келтирүү - бул ыйык нерсе. Эң негизгиси—башка эч качан мындай зордукчулукка, зомбулукка жол бербеш керек».

Бирок эгемендүүлүк жылдары республиканын мамлекеттик жана коомдук ишмерлери, алардын элге сиңирген эмгеги тууралуу бир нече китеп жарык көрдү. «Тилекке каршы, бул китептерди барактап, Анарбаек Бакаев тууралуу жарытылуу бир шилтемелерди кезиктире албадык, - деп кейийт атын айткысы келбеген, төбөсү көрүнгөн эле бир адам. - Бул да болсо журт билермандарынын өксүгүдүр. Анан дагы жүрөгү элим-жерим деп соккон белгилүү инсандын өмүрүн сактай албаганы – азыркы мамлекеттик системанын кендирди кескен көралбастык кемчилигидир. Башка эмне дейин».

«Анткени мезгилсиз кеткен А.Бакаев эле эмес да» дейт байкоочулар. Алардын айтымында, буга чейин биз билгендерден Кыргыз ССРинин өкмөт башчысы Султан Ибраимовго ал Чолпонатада эс алып жаткан жеринен ок атылган. Аны өлтүрдү деген Смагиндин өлүгү кайра эле Көлдөн чыкты. Кыргыз журтчулугуна таанымал бул инсан СССРдин жетекчилигине Кыргызстандын кен байлыктарын республиканын өзүнө калтыруу боюнча ачыктан-ачык маселе койгону белгилүү. Кыргызстандын эгемендик тушундагы алгачкы премьер-министри Насирдин Исанов болсо «легендарлуу парламентте» чуу түшүргөн «Камэко» компаниясын Кыргызстанга алып келген Борис Бирштейн менен чогуу баратып автокырсыктан каза тапты. «Маркум Исанов «Камэко» боюнча чет элдик өкүлдөр менен түзүлгөн келишимге эмнегедир каршы болгон экен» деген маалыматтар болгон.

Ал эми Анарбек Бакаев өлкөдөгү коррупциянын көптөгөн фактыларынан кабардар болгону маалым. Атын атагысы келбеген чоң даражалуу чиновниктин айтымында, маркум Коопсуздук кеңешинин 1996-жылы октябрда болгон жыйынында коррупцияга тиешеси бар фактыларды бетин ачканын билдирип, ал боюнча айрым адамдардын аты-жөнүн айткан экен. Ал өтө опурталдуу, коркунучтуу күчтөрдүн, чоң коррупционерлердин куйругун басып алганын, өз тагдырына коркунуч түзүлүп калганын философ катары сезген болуш керек. Ошондон улам, «менин өмүрүм боюнча бир кырсык болсо, менин ордума келе турган адам чыгат. Ошондо кыйын болуп калбасын, көзүңөрдү ачып иштегиле», деп тике айткан экен маркум. Ошондон көп өтпөй 21-октябрь күнү президентти узатыш үчүн шашып баратып, табышмактуу трагедиялуу автокырсыктан соң эсине келбей жатып каза тапты.

«Маркум Анарбек Бакаевдин көпчүлүк билбеген дагы бир жактары бар эле», дешет аны жакшы билген жоро-жолдоштору. Ыр жазчу. Сүрөт тартчу. Байкалбаган талант сүрөткө көбүнесе табияттын кооздугун түшүргөнгө аракеттенчү. Ырларынын темасы да табиятка арналган. Балким «жан-дүйнөсү таза, ниети ак инсандар өнөргө жакын болушат» деген сөз бекеринен эместир.
XS
SM
MD
LG