Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:34

Юстиция министрлиги өз кемчилигин мойнуна алды


БИШКЕК. Юстиция министрлигинин кызматкери Адам укуктары боюнча кыргыз комитетин кайрадан каттоодон өткөрүүнү талап кылып, олуттуу жаңылыштык кетирген. Юстиция министринин орун басары Нурлан Алымбаев бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы», «Кылым шамы» жана башка бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда ушундай пикирин билдирди. Бул туурасында бүгүн «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова кабарлады. Быйыл 13-августта Юстиция министрлиги Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинен кайра каттоодон өтүүнү жазуу түрүндө талап кылган. Андан көп өтпөй өздөрүн комитеттин мүчөлөрү деп эсептешкен адамдар жыйын өткөрүп, комитеттин жетекчиси Рамазан Дырылдаевдин ордуна Болот Тыналиевди шайлаганын билдиришкен. Азыркы учурда Р. Дырылдаев да, Б. Тыналиев да өздөрүн бул комитеттин мыйзамдуу жетекчиси катары эсептешет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG