Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:59

Елена Боннэр-Сахарова Европарламенттин чечимин колдой турганын билдирди


БИШКЕК. Академик Андрей Сахаров атындагы сыйлыктын Борбор Азиядагы саясий туткундарга ыйгарылышын академиктин жесири Елена Боннэр-Сахарова кубаттайт. Бул тууралуу Е. Боннэрдин Европарламентке жазган катында айтылат. Анын оюнда, сыйлыктын ыйгарылышы туткундардын демократиялык баалуулуктарды сактоодогу салымын гана тааныбастан, аларды запкыдан да коргоп, түрмөдөн тезирээк бошонушун шарттайт. Сахаров атындагы сыйлыкты Европарламент быйыл Борбор Азиядагы саясий туткундарга ыйгарууну чечкен. Алардын катарында Кыргызстандан Феликс Кулов, Түркмөнстандан Батыр Бердыев, Өзбекстандан Мухаммад Бекжанов, Казакстандан Галымжан Жакиянов бар. Боннэрдин пикиринде, алар азыркы бийликтин авторитардык режимине каршы турганы үчүн эркинен ажырашты. «Атуулдук аракет», «Көчмө уюмдар форуму», «Адам укугу үчүн» аттуу эл аралык жана орусиялык беш уюм Европарламентке жолдогон катында Елена Боннэрдин мындай пикирине макул экенин жазышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG