Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

КАБУЛ БУУнун ЧЕЧИМИН КУБАТТАДЫ, БИРОК КУБАНУУГА ЭРТЕЛИК КЫЛАТ


БУУнун Коопсуздук Кеңеши НАТО жетектеген эл аралык бейпилдик күчтөрүн Ооганстандын башкалаасы Кабулдан башка аймактарга да жиберүүгө уруксат берген резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Ооган өкмөтү көптөн бери күтүлгөн бул чечимди кубаттады.Бирок айрым эксперттердин айтымында, резолюция кандай шарттарда аткарылары боюнча азырынча түшүнүксүз жагдайлар жок эмес.

Ооганстандагы эл аралык контингенттин курамында учурда 5,5 миңдей аскер бар.Аларга быйыл автуст айынан тарта НАТО уюму командачылык кылып келүүдө. Мындан эки жылча мурда, Талибан режими бийликтен кулатылар замат жиберилген бейпилдик күчтөрү өлкөнүн башкалаасы Кабулдун гана коопсуздугун көзөмөлдөөчү. Ооган президенти Хамид Карзай аларды өлкөнүн башка аймактарында да жайгаштыруу зарылдыгын такай айтып жүргөн эле. Соңку кездери буга каршы эмес экенин НАТО уюмунун жетекчилиги да билдире баштаган. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсү дүйшөмбү күнкү отурумунда эл аралык коопсуздук күчтөрүн Кабулдан сырткары аймактарга да чыгарууга уруксат берген документти бир добуштан кабыл алуу менен ооган президенти Хамид Карзайдын мүдөөсүн орундаткандай болду. АКШ мурда коопсуздук күчтөрүнүн мандаты Кабулдан башка жерлерге да жайылтылышына көп ынанкырабай келген эле. Өлкөнүн БУУдагы элчиси Жон Негропонте Вашингтон эми эмне үчүн буга макул болгонун төмөнкүчө түшүндүрөт:

- Мындай вазийпаны Кабулдан сырткары жерлерде аткарууга дилгир өлкөлөр жок болчу.Эми бул ишти НАТО өзүнө алды, жок дегенде чектелген өлчөмдө Кабулдан башка жерде чара көрүүгө даярдык бар.Ушул жагдайдан улам биз бул чечимди колдодук.

Ооганстандагы эл аралык аскерлердин өзөгүн учурда немец жана канадалык жоокерлер түзөт. Аларды Ооганстандын провинцияларында жайгаштыруу үчүн аскерлердин санын көбөйтүү абзел. Азырынча өзүнүн кошумча күчтөрүн жиберерин расмий түрдө Германия гана билдирди. Аталган өлкөнүн БУУдагы элчиси Гүнтер Плойгердин айтымында, эл аралык күчтөрдүн мандатын кеңейтүү Ооганстанда келерки жылы демократиялык шайлоонун өтүшү үчүн да маанилүү:

- Биз резолюция, немец делегациясынын Ооганстандагы эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн мандатын кеңейтүү жөнүндөгү демилгеси бир добуштан колдоо тапканына кубанычтабыз. Бул бизге Ооганстандагы коопсуздукту жакшылап көзөмөлдөөгө, өзгөчө Бонн жараянын, келерки жылга белгиленип жаткан шайлоону ишке ашыруу үчүн даярдык көрүүгө мүмкүндүк берет.

Германия өзүнүн 450дөй аскерин Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз шаарында жайгаштырары күтүлүүдө. Немец өкмөтүнүн бул боюнча сунушун эми өлкө парламенти жактырышы керек. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин соңку чечимин расмий Кабул кубаттады.Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Омар Самад белгилегендей, ооган бийликтери муну саясий реформалардын жаңы баскычынын башталышы, калыбына келтирүү иштерин тездетүүчү фактор катары карайт.

Бирок айрым эксперттер азырынча кубануу эртелик кыларын айтышууда. Эл аралык Кризис тобу деген уюмдун Кабулда иштеген адиси Викрам Перихтин пикиринде, соңку эки эки жылдын ичинде эле оогандар үчүн берилген убадалар аткарылбаган учурлар көп болду. Андыктан БУУнун жаңы резолюциясы да карапайым оогандарга эмне берери боюнча түшүнүксүз жагдайлар арбын:

- Адамдар БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими кантип ишке ашарын көргүсү келет. Бул аскерлерди сезилерлик санда жайгаштыруубу же Калыбына келтирүү боюнча жергиликтүү топтордун эле кеңейтилишиби? Аскерлер чын эле коопсуздук начар жерлерге жиберилеби же алар үчүн тобокелчилик аз аймактарга жыйналабы жана согушчан топтордун өз ара уруштарына кийлигишүүгө укук алып, куралсыздануу жараянын ишке ашырабы?

В.Перихтин пикиринде, ич–ара атаандашкан тайпалардын уруштары тез–тез кайталанып, калыбына келтирүү иштери аксап жаткан Мазари-Шариф, Герат өңдүү жерлерде эл аралык аскерлерди жетиштүү санда жайгаштыруу зарыл. Ошондо гана алардын ишинен натыйжа болот. Жакында Ооганстандын борбордук өкмөтү Кабулдан Мазари–Шарифке өзбек генералы Абдул Рашид Достум менен тажик командири Мохаммед Аттаны жактаган күчтөрдүн ок атышууну токтотуу жөнүндөгү макулдашуусуна байкоо салып туруу үчүн 300дөй полицейди жиберди.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG