Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:10

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫНДА КАЙРАДАН ОК АТЫЛДЫ


Кыргыз-өзбек чек арасында дагы ок атылды. Өзбекстандын чек арачыларынын куралынын чыккан октон Өзбекстандын 2 атуулу каза таап, дагы эки адам жаракат алышты. Жаракат алгандардын бири – Кыргызстандын атуулу. Окуя 10-октябрда болгон. Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чек арадагы ок атуу боюнча өз позициясын Өзбекстан тарапка билдириши күтүлөт.

Ош облусунун Араван районунун ички иштер бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, 10-октябрда кечки саат сегиз жарымдар чамасында Араван районунун Чекабад айыл өкмөтү менен Өзбекстандын Анжиян облусунун Мархамат районунун Ахунбабаев колхозунун аймагы чектешкен жерде ок атылган. Аталган бөлүмдүн жетекчисинин орун басары Маматемин Жанболотовдун айтымында, окту Өзбекстандын чек арачылары чыгарышкан:

- Натыйжада Өзбекстандын 2 атуулу ошол окуя болгон жерде каза болушкан. Алар - 1977-жылы туулган Умар Таиров жана 1978-жылы туулган Икрам Анаркулов. Ал эми Кыргызстандын Араван районунун Чекабад айылынын тургуну, 1977-жылы туулган Азизбек Абдулазизов жаракат алган. Бир ок анын эки бутун тешип өтүп кеткен. Экинчи ок көкүрөгүн чырпып өткөн. Ал азыр ооруканада. Окуя Өзбекстандын аймагында болгондуктан, кылмыш ишин козгоо маселесин коңшулардын прокуратура органдары чечет.

Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин бул окуяга карата позициясы билинет. 13-октябрда министрликтин Шериктеш мамлекеттер башкармалыгынын жетекчиси Эркин Мамкулов азырынча өлкөнүн чек ара жана ички иштер кызматтарынан ок атуу тууралуу ырасмий маалымат алалектигин айтты:

- Биз азырынча эч нерсе айталбайбыз. Себеби, азырынча колубузда эч кандай ырасмий маалымат жок.

Эсиңиздерге сала кетели, бул ок атуу кыргыз-өзбек чек арасындагы биринчи окуя эмес. Быйыл 16-июлда кечке маал Өзбекстандын чек арачылары аткан октон Кыргызстандын 22 жаштагы атуулу Адылжан Үркүнбаев каза тапкан. Кыргыз бийлиги чек арадагы мындай окуяларга кабатырлыгын билдирип, бир нече жолу нааразылык нотасын Өзбекстанга тапшырган. Бирок, ырасмий Ташкен 1295 чакырымды түзгөн кыргыз-өзбек чек арасынын 667 чакырымы гана такталганын жана талаштуу жерлердин көптүгүн айтып келет. Ал эми Өзбекстандын чек арачылары болсо мина жана курал колдонууну улантууда.
XS
SM
MD
LG