Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:03

ОРУСИЯЛЫК ЖУРНАЛИСТТЕР ФЕДЕРАЛДЫК МЫЙЗАМДЫН ҮСТҮНӨН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТКО АРЫЗДАНЫШТЫ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. 13-октябрда Орусиянын Конституциялык соту маалымат каражаттарынын шайлоо алдында ишмердүүлүгүнө коюлган чектөөлөр канчалык деңгээлде мыйзамга ылайык экендигин териштирүүгө киришти.

Орусиялык журналисттерден жана Мамдумадагы ар кайсыл саясий партиялар менен кыймылдардын өкүлдөрү болгон депутаттардан турган топ өлкөнүн Конституциялык сотуна арыз менен кайрылган. Кайрылууга болгон башкы муктаждык, арыздануучулардын айтымдарында, жаңы кабыл алынган «Орусиядагы шайлоочулардын тандоого болгон негизги укуктары» туурасындагы федералдык мыйзамда маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө коюлган чектөөлөрдөн улам пайда болду.

Аталган мыйзамдын 48-беренесинин бир канча бөлүктөрү түшүнүксүз деген бүтүмгө келишти журналистер. Мыйзамга ылайык, «талапкерлер тууралуу маалыматтын бирдей берилбегендиги», «талапкердин кесибине тиешеси жок маалыматтын айтылышы», «талапкерге же саясий партиялар менен кыймылдарга оң же терс баа берүүчү маалымат» жана «шайлоочуну талапкерге добуш берүүгө же бербөөгө үндөй турган маалымат» шайлоочуну маалымдоо эмес, ага агитация жүргүзүү же үндөө деп таанылышы керек.

«Экстремалдуу журналистика борборунун» директору Олег Панфиловдун пикиринде, жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөр мыйзам долбоорунун ээси - Борбордук Шайлоо комиссиясы тарабынан түшүндүрмөлөрдү талап кылат.

- Мыйзамда журналист кантип шайлоочуларды маалымдай тургандыгы, бул материал кандай жанрда боло тургандыгы айтылган эмес. Ошондуктан, ал Борбордук Шайлоо Комиссиясына ар бир журналисттик макаланы өзү билгендей жоромолдоого жол ачат. Эгерде мыйзам бүгүнкү кейпинде өзгөртүлбөй кала берсе, анда шайлоочулар кимге добуш берүүнү да билбей калышат ко деп корком.

Борбордук шайлоо комиссия журналисттердин ишин катуу чектөөгө алган мындай мыйзамды буга чейинки шайлоодо журналисттик коомчулукта орун алган орой катачылыктар, айрым талапкерлерди «каралоого» окшош оюндардын жыйынтыгы катарында карап, анда Конституцияга каршы келүүчү жактар жок экендигин айтат. Ошол эле учурда арыздануучулар эгерде бул мыйзам иштеп кала берсе, анда коомчулук талапкерлер тууралуу кеңири маалымат алуу укугунан айрылат деп ишенишет.

Президент өкүлү Михаил Митюков: «Мыйзам, негизи, Конституцияга каршы келбейт, бирок анын айрым бөлүктөрү чынында эле түшүнүксүз», - деп эсептейт.

Бул мыйзамдагы чектөөлөрдү бузгандыктары үчүн деп Калининград облусуна караштуу бир канча басылмалар, Туладагы коммунисттик гезит, ошондой эле борбордогу коомдук-саясий гезит «Коммерсант-Власть» эскертүү алышкан.

Олег Панфилов, «Экстремалдуу журналистика борборунун» директору, бул көрүнүштү негизи эле Орусиядагы маалымат каражаттарынын эркиндигине болгон чабуул катары карайт:

- Азыр Орусияда бийлик мамлекеттик, башкача айтканда, өзүнө баш ийген маалымат каражаттарынын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруп, көз карандысыз маалымат булактарын жоготууга аракет жасап атканына күбө болуп олтурабыз. Бул, менимче, бийлик мурдагы советтик үгүттү кайра жандандырууга аракет кылып жаткандыгын көрсөтөт.

Журналист мындай пикирин бүгүнкү күнү орус жериндеги негизги мамлекеттик телеканалдардын ишмердүүлүгү менен бышыктайт. Анын айтымында, Чеченстандагы президенттик шайлоо алдында «Биринчи канал» Ахмад Кадыров тууралуу материалдарды дээрлик күнүгө берип, калган талапкерлер тууралуу эч кандай деле сөз айткан жок. Ушундай эле абал Санкт-Петербург губернатору Валентина Матвиенкого да мүнөздүү. Бирок эч ким бул сыналгы каналына мындай катачылыгы үчүн эскертүү жасаган жок.

Конституциялык сот журналисттер жана депутаттардан түшкөн арыз боюнча ишти толугу менен карап, бир канча күндөрдөн кийин жыйынтыгын чыгараары күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG