Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

КЫРГЫЗСТАН ЭКОЛОГИЯЛЫК ПРОБЛЕМАЛАРДЫН ЭСЕБИНЕН ТЫШКЫ КАРЫЗДАН КУТУЛГУСУ КЕЛЕТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек 14-октябрда Өкмөт Үйүндө экологиялык кырсыктардын алдын алуу боюнча семинар болуп, ага президент Аскар Акаев катышты. Эл аралык уюмдар жана элчилер катышкан бул семинарда Аскар Акаев дүйнөдөгү 45 мамлекетте колдонулган «карыздарды экологияга алмашуу» жолуна түшүүнү сунуш кылды. Мындай жол менен Кыргызстандагы экологиялык коркунучтарды азайтуу менен катар 1 млрд. 660 млн. долларга жеткен тышкы карыздын айрым бөлүгүн жоюуга болот. Семинардан кийин экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашев менен президенттин кеңешчиси Асылбек Айдаралиев маалымат жыйынын өткөрүштү.

Семинарда Аскар Акаев “Кыргызстандагы экологиялык коопсуздук - Борбор Азия мамлекеттеринин туруктуу өнүгүшүнүн фактору” деген доклад окуду. “Биздеги экономикалык кыйроого алып келүүчү коркунучтуу жагдайлар бизге эле эмес, коңшу мамлекеттер үчүн да опурталдуу”, - деп белгиледи А. Акаев. Докладынын ток этер жери ушул - Кыргызстан “карыздарды экологияга алмашуу” жолун тандашы керек. Эл аралык тажрыйбада мындай ыкма пайда болуп калганына 20 жылдай болуп калды. Мисалы, Польша экологиялык кыйроого дуушар болоорун бетке кармап, тышкы карызынын 60% жойду. Ушул эле жолдо азыр Болгария менен Грузия баратат. Адистердин иликтөөсүнө караганда, Кыргызстандагы климат мурдагыдан 1,6 градуска жылыптыр. Ошондуктан келерки жылдары көчкү жана сел кырсыктары жылдагыдан да көп болоорун адистер эскертип келишет. Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Сатыбалды Чырмашевдин айтымында, мөңгүлөрдүн ээ бербей эрип атканынан улам уу заттар көмүлгөн жерлер жана суу сактагычтар ого бетер коркунучтуу болуп турат. Азыр Кыргызстанда уу заттар катылган 50дөй жер бар. Алардын ар бирин оңдогонго кеминде 30-40 млн. доллар зарыл. Мындай жерлер коңшу мамлекеттердин да үрөйүн учурган менен, азырынча алардан реалдуу жардам боло элек.

- Коңшу мамлекеттер деле биз сыяктуу кыйналып атат да. Алар тараптан буга чейин бир да жардам боло элек. Бирок акыркы жолугушууда катуу сөз болду. Өзбекстандын премьер-министри “мамлекеттин эсебинен Майлысууну оңдоонун сметасын жана долбоорун түзгөнгө каралашам” деп убада берди. Азыр уу заттар көмүлгөн жайлар коркунучтуу болуп турат. Кудай сактасын, эгер 6-7 балл жер титиресе же сел болсо, алар коңшу мамлекеттерди кошо каптап кетиши ыктымал. Жергилктүү калкты эвакуациялоо боюнча да маал-маалы менен машыгуулар болуп атат, - дейт Сатыбалды Чырмашев.

Дүйнөлүк Банк Майлысуудагы уран калдыктары көмүлгөн жайга 5 млн. доллар берүүгө убада кылган. Азырынча колго тийген 500 миң еврого техникалык-экономикалык негиздеме түзүлмөкчү. Ал эми мындай экономикалык обьектилер аркылуу тышкы карызды жоюу жолу, министр Чырмашевдин айтымында, оңой эле болот. Эң негизгиси – донор-уюмдарды жана мамлекеттерди ынандыруу зарыл. Мисалы, мамлекеттик бюджетте тышкы карызды төлөгөнгө 50 млн. доллар бөлүнсө, бересебиз бар мамлекеттин астына түшүп, экологиялык кырдаалды түшүндүрөбүз. Ал донор-уюм же мамлекет ынангандан кийин ошол каражаттын жумшалышын көзөмөлгө алганга укуктуу. Президенттин кеңешчиси, академик Асылбек Айдаралиевдин оюнда, Кыргызстан “бизде билинбеген бомба жатат” деп, эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурушу керек. Бирок тышкы карызды мындай жол менен жоюуга донор-мамлекеттер көнөөрүнө кепилдик жок.

- Бизде аласасы барлар буга макул болот деген кепилдик жок. Биз иштешибиз керек. Болгон материалдарды топтоп, аларга барып, алдына жайып, ынандырганга аракет кылуу зарыл. Бирок алар «макул» десе жакшы, «макул» дебей койсо да өз эрки, - дейт Асылбек Айдаралиев.

Азырынча бул ой тек гана сөз боюнча турат. Семинарда Аскар Акаевди угуп отурган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана элчилер кандай ойдо кеткени азырынча белгисиз. Кыскасы, Кыргызстан жарды жана кичинекей мамлекет катары эки жактан тооруп келген “карыз” жана “кырсык” деген эки балээден бир кутулууга далалаттанууда.
XS
SM
MD
LG