Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:29

БИЙЛИК МЕНЕН КОРРУПЦИЯ, БАТКЕНДЕГИ ШАҢ-САЛТАНАТ, МАМЛЕКЕТТИК АППАРАТТЫН ЧЫГЫМЫ


Бийлик жана коррупция темасы эл аралык уюмдардын бул проблемага арналган жылдык жыйынтыктары жарыя болгондон бери кыргыз басылмаларында арбын жазыла баштады. Кыргыз өкмөтү бюджет тартыштыгын азайтуу амалында базарлардагы контейнерлерге кассалык аппарат орнотуп кирди. Топтолгон бюджеттин кыйла акчасы мамлекеттик аппаратка жумшалат. Кыргыз мамлекеттигинин үлкөн майрамы, Баткен облусунун 4 жашка толгону чоң салтанат-шаң менен коштолду. Кыргыз тилинин абалына кабатыр болгон кеп-сөздөр арбып баратат. Орус-кыргыз достугу, Канттагы авиабаза, Кыргызстандын электр энергиясын Орусиянын сатып ала башташы ортодогу ысык ымала тууралуу салттуу кепке жаңыча өң-түс берди.

“Акыры Орусиянын президенти Алатоого келмек болду. Таиланддан бери карай. 23-октябрда эртең менен «Манаска» конот, Өкмөт Үйүнөн экономикалык форумга бата берет. Кыргыз президенти менен маңдай-тескей сырдашат, Канттагы аскер базасын ачат, түшкү сый тамак ичет, анан түштөн кийин үйүнө сапар тартат», деп жазды шейшембидеги «Агым» гезити. Басылманын жаңы санында «кыргыз тилинин аянычтуу абалына, үмүт үзүлүп бараткан келечегине, бийлик чөйрөсүнүн кайдыгерлигине тынчсызданган топтун» кыргыз журтчулугуна кайрылуусу жарыяланган.

Орусия Кыргызстанга ымаласы артып, өзүнүн Борбор Азиядагы таасирин күчөтүүгө куштар экенине «Республика» гезитинин шейшемби күнкү санында Замира Сыдыкова токтолду. Автордун пикирине ынансак, антишке бир гана жагдай - эл аралык жанкечтиликке биргелешип каршы туруу, аймакта коопсуздукту сактоо аракети түрткү берүүдө. Ошон үчүн Орусия Кант шаарында аскердик базасын жайгаштырып, Кыргызстандын электр энергиясын сатып ала баштады. Азырынча аны кандай баада алып атканы белгисиз. «Кремлде отурган чоңдордун бири Кыргызстандагы 600 миң орустун өз жерине көчпөй калышын президент А.Акаевдин аракетинин натыйжасы катары эсептейт, - деп жазат макала автору. – Ошончолук эле сандагы кыргызстандык атуулдар ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүрүшөт».

Басылманын жаңы санында Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Варшавада өткөн жылдык жыйынында парламент депутаты А.Бекназаровдун сүйлөгөн сөзүнүн баяндамасы жарыяланган. А.Бекназаров Аксы алааматын эл аралык трагедия катары таанууну, мамлекет өз элине ок аткан каргашалуу окуя кайталанбаш үчүн аны иликтөөнү эл аралык көз карандысыз эксперттик комиссияга тапшырууну сунуш кылган.

Кыргызстандагы коррупция темасы 14-октябрдагы «МСН» гезитинде козголду. «Эсеп палатасынын маалыматында, былтыр бюджеттик акчанын 500 миллиону уурдалыптыр», деп жазат Рина Приживойт «Бийлик менен коррупция – эки эгиз» деген макаласында. «Кассалык аппараттарды базарларга орнотуу менен кыргыз өкмөтү салыктын жыйналышын көбөйтүүгө үмүт артууда. Базардан сапатсыз буюм сатып алган кардар товардык чегин көрсөтүп, аны кайтарып бере алат, - деп белгилейт Лариса Ли ушул эле гезитте жарыяланган макаласында. - Анткен менен өкмөт кассалык аппараттарды киргизүү аркылуу тапчу пайда-зыянын сынактан өткөргөн эмес. Салыкка түшчү 80 млн. сом кайдан чыгаарын так аныктаган эмес».

«Аалам» гезитинин жаңы санында Чолпонбек Абыкеевдин «Тамчы таш тешет» деген макаласы жарыяланды. «Эгер тилибизге, кыргыз тилине болгон ар бир кыргыздын мамилеси так ушул калыбында турса, 500 эмес 100 жылга жетпей жоголот», деп болжол курат автор. «Өз жериңде, өз элиңде өз тилиңде эркин сүйлөй албай кор болдуң. Тилди расмий кылсаң эле кеткиси келген орустар токтоп калган жок, кетип атышат. Кете да беришет. Келечеги жок мамлекетте ким калсын», дейт Ч.Абыкеев.

Баткенде Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, облустун уюшулганына 4 жыл толгону салтанат-шаң менен белгиленгени, ага президент А.Акаев катышканы шейшембидеги «Кыргыз туусу», «Эркинтоо», «Слово Кыргызстана», «Вечерний Бишкек» гезиттеринде кенен маалымдалды. Эл өкүлдөр жыйыны 2002-жылкы бюджеттин аткарылышы тууралуу өкмөттүн отчетун бекитип, келерки жылдын бюджетин талкууга өткөнүн белгилеп, «Слово Кыргызстана» гезитинде К.Турдубаев: «Бюджет талкуусу абдан кызуу өтөт. Себеп дегенде, мамлекет чөнтөгүнөн кимге канча акча тиери баарын түйшөлтөт», деп жазат. Эл өкүлдөр жыйынынын тийиштүү комитети эмдиги жылдын бюджетин эки апта бою кенен талкуулап, депутаттар бюджет мыйзамын биринчи окуудан өткөрүүгө киришкенин «Вечерний Бишкек» гезитинде Эльвира Темир жазды. Эл өкүлдөрү мамлекеттик аппаратты кыскартууну сунуш кылышууда. Болгону 14 млрд. сом кирешеге эсептелген бюджеттин 2,5 млрд. сомго жакыны мамлекеттик башкаруу аппаратын кармоого жумшалат.
XS
SM
MD
LG