Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Израил аскерлери Газа тилкесинедеги качкындар лагерине кайра басып киришти


Израил аскерлери Газа тилкесиндеги Рафах качкындар лагерин кайрадан текшерүүгө алышты. Күбөлөрдүн айтымында бүгүн эртең менен качкындар лагерине кыркка жакын танк жана аскерий машинелер киргизилди.
Өткөн аптадагы Рафахта жүргүзүлгөн үч күндүк операцияда 8 палестин набыт болуп, 120 үй талкаланган.
Израил аскерлери Рафахтагы бул операцияны жер алдындагы туннелди талкалоого байланыштырышат. Алардын билдиришинче палестин согушчандары курал жаракты Египеттен Рафахка жер алдындагы жол аркылуу тымызын ташып келишет.
БУУнун баш катчысы Кофи Аннан Рафахтагы бейкүнөө адамдардын курман болгондугу үчүн Израилди сынга алды.

XS
SM
MD
LG