Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:21

Ислам өлкөлөрү Ирактын башкаруучу кеңешин тааныды


Ислам Конференциясы уюмунун тышкы иштер министрлери БУУну Ирактын жаңы өкмөтүн түзүүдө жетектөөчү ролду аткарууга чакырышты.
Уюмдун апта соңундагы жыйынында кабыл алынчу резолюциясынын долбоорунда, БУУнун Коопсуздук Кеңеши-баскынчы күчтөрдү Ирактан мүмкүн болушунча тез аранын ичинде чыгаруунун амалын издөөгө чакырылат. Ошондой эле Ислам Конференциясы Уюмунун тышкы иштер министрлери Малайзияда өтүп жаткан жыйынында Ирактын башкаруучу кеңешин Ирактын мыйзамдуу бийлиги катары таанышты жана кеңешти “Ирак өкмөтүн калыбына келтирүүнү көздөй жасалган кадам” катары баалашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG