Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

АМАНАТЧЫЛАРДЫН НААРАЗЫЛЫГЫ БАСЫЛА ЭЛЕК


«Крамдсбанкка» акча салган аманатчылар мындан ары күнүгө Бишкектеги М. Горький атындагы паркка нааразылык акциясына чыгып турмак болушту. Анткени иши жүрүшпөй жабылган банк ишин токтотуп жатып, аманатчылар менен эсептешпей койгон. Көбүнчө пенсия курагына барып калган аманатчылардын арыз-арманын уккан менен, өкмөт ушул күнгө чейин бул маселени ойдогудай чечип бере элек.

Иши жүрүшпөй жабылган Бишкектеги бир катар банктардын катарында коммерциялык «Крамдсбанк» да 1998-жылы ишин токтоткон. Анда Пак деген киши 1997-жылдары бул банктын башкармалыгынын жетекчиси болуп турган. Банктын карызы 288 млн. сомду түзгөнү айрым тактала элек маалыматтарда айтылат. Анын 133 млн. сому - аманатчылардын банкка салган акчасы. Бар балээнин башы - жабылган банк аманатчылардын акчасын кайтарып бербегенинен болгон. Ошондон ушул күнгө чейин аманатчылар тобу нааразылык билдирип келишет.

«Окшошконго мушташкан» демекчи, карызга батып, жабылууга дуушар болгон «Крамдсбанктын» жетекчиси Пак мырза аманатчылардын карызын кайтарбай туруп, «Рентонгрупп» компаниясын жетектөөгө өткөн. Бул «Рентонгрупп» компаниясы жоопкерчилиги чектелген уюм болуп эсептелген. Аманатчылардын көпчүлүгү - пенсионерлер. Алар буга чейин бийликтин көңүлүн буруу максатында ар кандай акцияларды өткөрүп келишкен. Бирок өкмөт кандайдыр-бир себептерден улам бул иштен жыйынтык чыгара элек. Ошондуктан аманатчылар бул маселе боюнча атайын демилгечи топ түзүшкөн. Демилгечи топтун жетекчиси Татьяна Дагазиева «Азаттык» радиосуна буларды маалымдады:

- Бул «Крамдсбанктын» директорлор кеңешинин төрагасы болуп турган Пак деген фамилия 1998-жылы калкып чыкты. Бул банк боюнча 288 млн. сомдук кредит кайтарылбай калган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин Пак жетектеген «Рентонгрупп» пайда болду. Менин эсебим боюнча, бул иштин көп жактары тергөө бүткөндөн кийин билинет. Мен билгенден, аманатчылардын катары 3 миң адамды түзөт. Андан да көп болушу мүмкүн, - дейт Татьяна Дагазиева. Анын айткандарына караганда, бул маселени Ички иштер министрлиги быйыл август айынан баштап карап жатат. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Жабыр тарткан аманатчылардын катарында орус улутундагылар басымдуулук кылат.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулованын билдиргенине караганда, аманатчылар тобу 15-октябрь күнү Жогорку Кеңештин алдына чогулуп, пикет өткөрмөк болушкан. Анткени бул күнү «Рентонгрупптун» маселеси Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында каралмак.

- Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында «Крамдсбанктын» маселеси каралмак. Ошого байланыштуу аманатчылар тобу Жогорку Кеңештин алдына чогулуп, пикет өткөрмөк болушкан эле. Бирок Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлеринин каршылгынан улам эми алар М. Горькийдин эстелигинин алдында маселе чечилмейинче такай пикет уюштурмак болушту, - дейт Азиза Абдрасулова.

Ал эми аманатчылардын арызы боюнча «Рентонгрупп» маселесин карай турган Мыйзам чыгаруу жыйынынын экономикалык саясат жана ишкердик боюнча комитетинин жетекчиси, депутат Акбөкөн Таштанбековдун маалыматы мындай болду:

- Эртеңкиге «Крамдсбанк» боюнча тиешелүү жетекчилерди чакыртып жатам. Ошондо гана бир нерсе дебесем, азырынча эч нерсе дей албайм. Анткени бул банктын жетекчиси өзү да түп-тамырынан жок. Ал эми аманатчылардын колунда болсо укуктук документтер жок. Ошондуктан алардын кызыкчылыгын коргоо кандай жол менен ишке ашаарын билбейм.

Акбөкөн Таштанбеков «аманатчылардын маселеси бүгүн-эртең чечиле койбойт» деп кесе айтты. Анткени аманатчылар менен банктын ортосундагы эсеп-кысап документтери уурдалып, банк тарабынан жок кылынган. Азырынча аманатчылардын жана тартип коргоо органдарынын колунда аманатчылардын кызыкчылыгын коргой турган эч кандай документтер жок. Дегинкиси, пенсия курагындагы адамдардын акысын жеп, жыйынтык чыкпаган «Крамдсбанктын» окуясы Кыргызстандагы жалгыз мисал эмес.
XS
SM
MD
LG