Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:02

РАХМАНКУЛ ХАН ООГАНСТАНДАГЫ ЖАНА ТҮРКИЯДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫН ЧЫНЫГЫ ЛИДЕРИ БОЛГОН


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөө Кытай жазмасындагы «Кыргыз ээлиги» деген даректүү эскермеге таянуу менен белгиленип жатканы маалым. Мына ушундай эле «Кыргыз ээлиги» деген аталыш ХХ кылымда Ооганстанда жашаган кыргыздарга тиешелүү болуп, Рахманкул анын ханы аталган. Мына ошол ажы Рахманкул хан быйыл 90 жашка чыкмак. Анын 90 жылдыгы Кыргызстанда да Түркияда да белгиленбей, эмгеги эскерилбей өтүүдө. Ал 1913-жылы Памирде туулуп, 1980-жылы Ванда дүйнөдөн кайткан.

Совет доорунда Рахманкул хан тууралуу бир беткей гана маалыматтар таркатылып, анын басмачы-бай, эзүүчү болгону айтылып келсе, 1990-жылдардан баштап ал тууралуу чет өлкөлүк окумуштуулар тарабынан калыс жазылган эмгектер менен таанышууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Рахманкул хандын ээлигинде болуп, аны тасмага тарттырып алган АКШнын Индиана университетинин профессору Назиф Шахранинин, француз окумуштуусу Реми Дордун жана башка Батыш аалымдары менен журналисттеринин Улуупамирге айлап-жылдап болгонун азыр да Рахманкул хандын балдары сыймыктануу менен айтып, алардын эмгектерин, тарткан тасмаларын келген конокторго көргөзүшөт. Ошол тасмадан Рахманкул хандын сүйлөгөн сөздөрүн, боз үйдүн ичинде балдарды окуткан учурларын, Памирдин катаал жаратылыш шартын көрүп, ХIХ кылымдагы кыргыздардын жашоо шарты көз алдыга тартылат. Ошондой тарыхый шартта кыргыздар өз башкаруучуларын хан аташып, анын айланасына биригип, айрым маселелерди чогуу-чаран чечип келишкен. Мына ушул жагынан алып караганда ооган кыргыздары жана анын башкаруучусу Рахманкул хандын эмгеги калыс баага арзыйт. Бирок ошол эле учурда: «Бир айыл элди башкарып келген Рахманкул ажыны кантип хан деп атоого болсун?» деген пикирлер Кыргызстанда өкүм сүрүп келгени жашыруун эмес. Эмесе Вандагы Улуупамир айлында жашаган кыргыздарды жана алардын башчысы маркум Рахманкул хандын өмүр-таржымалын изилдеп жүргөн, 5-6 жылдан бери Түркиянын Ван шаарындагы Жүзүнчү жыл университетинде эмгектенип жаткан профессор Сулайман Кайыповдун ошондой пикирлерге жообун угуп көрсөк:

- Рахманкул хандын бийлеген аймагын эле алалы. Анын өкүмү сүргөн аймакта хан эң жогорку мансап болгон. Хан аксакалдар тобу (кеңеши десе да болот) тарабынан ачык добуш менен иргелген (шайланат десе да болот). Ал саясатын аксакалдар тобу аркылуу жүргүзгөн. Хан жана аксакалдар тарабынан жактырылган иш бектер тарабынан уруу жана уруктар арасында ишке ашырылган. Хандын тегерегинде кеңешчилери жана кат-кабар жазган мырзалары, кызматкерлери болгон. Ар кандай иште уруулар арасындагы тең салмактуулук сакталган.

Албетте, профессор Сулайман Кайыпов бышыктагандай, Рахманкул хандын башкаруу системасы XVIII-XIX кылымдагы кыргыздардын коомдук түзүлүшүн эске салат. Ал эми анын ооган жериндеги ишмерлиги, мезгилдин күрөө тамырын сезе билгендиги, кошуна мамлекеттер менен мамилеси, өзү ээлик кылган аймакта чиелешкен чек ара маселелерин калыс чечип келиши ага зор кадыр-барк алып келген. Ооганстандын ошол кездеги жетекчиси Закир шах Улуупамирдеги Акзоо деген улуу чокуга Рахманкул хандын ысмын бериши эле көп нерседен кабар берет. Анын Ооганстандагы ишмердиги тууралуу кайрадан Сулайман Кайыповдун пикирин угуп көрсөк:

- Ажы Рахманкул хан бийликке келгенден кийин Ооганстан мамлекетинин башчысы Закир шах менен көрүшүп, кыргыздарды ар кандай салыктардан жана кыргыздын эркек балдарын аскер кызматынан бошоткон. Ооганстан–Кытай, Ооганстан–Пакистан чек араларындагы талаштуу маселелерди чечүүдө да зор роль ойногон. Өлкөсүнө өтөгөн адал кызматынан улам Рахманкул хан ооган шахынын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон жана шах өзү ага «Пасыбани Памир» - «Памирдин сакчысы» деген расмий наам берип, жетекчилик укугун кеңиткен. 1965-жылы Ооганстандын IV даражадагы Мамлекеттик Жылдыз медалы менен сыйланган.

Рахманкул хандын элинин тынч турмушун Совет армиясынын Ооганстанга киргизилиши бузду. Ал өз элин бөөдө кыргындан сактап калыш үчүн качууга аргасыз болду. Натыйжада жүздөгөн адамы кыргынга учурады. Мал-мүлкүнөн куржалак калды. Ошондой кыйын учурда ал өз элинин келечеги үчүн кам көрүп, келечегин ойлоп, Пакистандын мээ кайнаткан ысыгынан, жугуштуу илдетинен сакташ үчүн АКШ менен Түркияга улам-улам кат жазып, кайрылып турду. Натыйжада экөө бирдей чечилип, ал эли менен кеңешип Түркияны тандап алган. Ооганстандан башталган улуу көч тууралуу кайрадан профессор Сулайман Кайыповдун пикирин угуп көрсөк:

- Дүйнөлүк саясаттан кабардар ажы Рахманкул хан, 1978-жылы социализмдин эпкини Ооганстанга ура баштаганынан улам Келгитке көчкөн. Пакистан менен Англия өлкөлөрүнүн колдоосун алып турган. Келгиттин ысыгы элге жакпагандыктан, Рахманкул хан Түркия менен АКШнын мамлекет башчыларына отурукташуу үчүн жер сурап кат жазган. Эки өлкөдөн тең оң жооп алган Рахманкул хан акырында Түркияга отурукташууну туура тапкан. 1980-жылы анын жетекчилиги менен кыргыздар Пакистандан Түркияга келип отурукташкан. Мына ушунун баары Рахманкул Хандын лидерлиги менен, эл аралык мамилелердин нормаларына жана талаптарына ылайык аткарылган. Айтканга оңой, кылганга кыйын бул иштердин өтөөсүнө нукура сабаттуу, көсөм адам гана чыга алат эмеспи.

Ошентип, айтылуу Рахманкул хан өз элин Түркияга көчүрүп көңүлү тынчыган соң ошол жердеги Улуупамир айылында дүйнөдөн кайткан. Ал өмүрүнүн акырында Кыргызстан тууралуу көп эстеп, анын качандыр бир эркиндикке ээ болушун эңсеп жүрүп, ал тилегине жетпей калды. Анын өмүр таржымалы, өрнөктүү өмүрү өзүнчө изилдөөгө татыктуу. Мындай пикир менен Рахманкул хан тууралуу көптөгөн маалыматтарды жыйнап, анын зор инсандык касиетине ынанган окумуштуу Сулайман Кайыпов да макул.

- Сөзүмдү Америка Кошмо Штаттарындагы Индиана университетинин профессору, ажы Рахманкул Хан менен көп жылдар бою тыгыз байланышта болгон жана анын башкаруу системасын изилдеген белгилүү окумуштуу-антрополог Назиф Шахранинин пикири менен аяктоону туура көрөм. Анын ишениминде, «Кичипамир чын эле хандык болгон. Аны башкарган ажы Рахманкул хан сөздүн чыныгы маанисиндеги хан болгон». Ажы Рахманкул хандын ишмердиги жана инсандыгы атайын академиялык изилдөөлөргө негиз боло алат, - дейт Сулайман Кайыпов.

Биз да 5-6 жылдан бери Түркияда эмгектенип, Рахманкул ханды ар тараптан изилдеп жүргөн профессор Сулайман Кайыповдун пикирине кошулуп, Рахманкул хандын өрнөктүү өмүрү ар тараптуу изилдөөгө татыктуу экенин айтуу менен анын 90 жылдыгына арналган эскерүүбүздү жыйынтыктайбыз.
XS
SM
MD
LG