Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:20

Ирак боюнча резолюцияны Бириккен Улуттарда талкуулоо кийинкиге калтырылды


Ирак боюнча АКШ тарабынан даярдалган жаңы резолюцияны Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши кечээ күнү карамак, бирок талкуу кеминде дагы бир күнгө кийинкиге калтырылды. Орусиянын өкүлү Сергей Лавровдун айтымында, президент Владимир Путин Алманиянын канцлери Герхард Шрөдер менен Франция президенти Жак Ширакка телефон чалып, маселени дагы талкуулайт. Долбоор боюнча, Башкаруучу кеңеш деп аталган Ирактын убактылуу өкмөтү 15-декабрга чейин жаңы конституция качан кабыл алынаарын жана жалпы элдик шайлоо качан өткөрүлөөрүн аныктоого тийиш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG