Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Малайзиянын өкмөт башчысы мусулмандарды биригүүгө чакырды


Бүгүн Малайзиянын баш калаасында Исламдык Конференция уюмунун саммитинин ачылышында, Махатхир Мохаммед буларды айтты:

– Биз чындыгында да абдан күчтүүбүз. Бир миллиард 300 миллион киши колду бир шилтеп койсо эле жок болуп калбайт. Европада 12 миллион жөөттөн алты миңин жок кылышкан. Бирок бүгүн жөөттөр иш жүзүндө дүйнөнү бийлеп турушат. Алар үчүн башкалар согушуп, башкалар жанын кыйып жатышат.

Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиядагы мусулмандардын салымын бул сөздөр менен баалады:

– Орусияда мусулмандар - өлкөнүн көп улуттуу жана көп диндүү элинин ажырагыс бөлүгү. Орусия – уникалдуу евразиялык өлкө, ал ар дайым Чыгыш менен Батыштын ортосунда данакер болуп келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG