Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:08

Өкмөт башчысы Талас облусуна барды


ТАЛАС. Премьер-министр Николай Танаев бүгүн Таласка келди. Өкмөт башчысы алгач Талас шаарындагы «Мээрим-Себат» кыздар лицейинин жаңы окуу корпусунун жана жатаканасынын ачылыш аземине катышып, сөз сүйлөдү жана ага 100 миң сомдук акчалай жардам берди. Азыр 117 кыз билим алып жаткан бул лицейде жаңы имарат ишке киргенден кийин 350 окуучунун билим алышына шарт түзүлөт. Салтанатка «Мээрим» фондунун төрайымы М. Акаева да катышып сөз сүйлөп, фонддун белек-бечкектерин тапшырды. Николай Танаев андан соң Жерүй алтын кенине келди. Ал Түштүк Африка Республикасынын бул кенди иштетүү укугуна ээ болгон «Норук» фирмасы менен бирдикте курула турган фабриканын пайдубалына бетон куюп, алгачкы кышын койду. Фабриканын курулушу келерки жылдын апрелинде баштала турган болду.

XS
SM
MD
LG