Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Бишкек шаарынын милиция кызматкерлерине атуулдарды мыйзамсыз кармоого тыюу салынды


БИШКЕК. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев бүгүн «Мыйзамдарды сактоо, атуулдардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзам чегиндеги кызыкчылыктарын коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндөгү» буйрукка кол койду. Ага ылайык, башкалаанын милиция кызматкерлерине жергиликтүү жана чет өлкөлүк атуулдарды мыйзамсыз токтотуп, паспортторун текшерүүгө, же шектүү киши катары ички иштер бөлүмдөрүнө алып барып убактылуу камоого тыюу салынат. Бул жөнүндө бүгүн Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында өткөн басма сөз жыйынында айтылды. Анда башкармалыктын быйыл 9 ай ичинде жүргүзгөн ишинин жыйынтыктары жөнүндө да сөз болду. Быйыл 9 ай ичинде Бишкек боюнча 107 маанилүү мамлекеттик, коомдук-саясий иш-чаралар өткөрүлүп, 58 санкциясыз митингдер жана пикеттер болгон. Башкалаада 9 ай ичинде 5890 кылмыш катталып, анын ичинен 5180 ачылган. 3500 кылмышкер сот жообуна тартылган. Издөөдө жүргөн 1650 кылмышкердин 1220 табылган. Сөз болуп жаткан убакытта өлкөнүн борборуна чет өлкөлүк 21 атуул келген жана аларга каршы жасалган кылмыштардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 9% азайды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG