Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Азербайжандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы кыргызстандык саясатчылардын арасында түрдүү пикирлерди жаратты


БИШКЕК. Азербайжанда кечээ президент Гейдар Алиевдин баласы Илхам Алиев президенттик шайлоодо жеңишке ээ болгону кыргызстандык саясатчылардын арасында түрдүү пикирлерди пайда кылды. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеевдин айтымында, Азербайжанда болгон саясий окуя Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга да таасирин тийгизет. «Биздин жетекчилерде да «биз Алиевден калат белек» деген ой жаралбай койбойт», - дейт Орозбек Дүйшеев. Анын кесиптеши, депутат Өмүрбек Текебаевдин көз карашында, Азербайжандагы көрүнүш Кыргызстанда түздөн-түз кайталанбайт. «Анткени биздин президенттин баласынын жашы жете элек. Ошондой болсо да карапайым атуулдардын арасында «бийлик колдогон адам гана президент болот» деген пикир жаралып, шайлоодо элдин саясий активдүүлүгү төмөндөшү мүмкүн», - дейт Өмүрбек Текебаев. Ал эми депутат Зайнидин Курмановдун оюнда, мындай окуя эртедир-кечтир Борбор Азия өлкөлөрүндө да кайталанышы мүмкүн. Бирок эң башкы маселе - бийликти өз жакынына өткөрүп берүүдө эмес, келечекте бийликти кармап калууда. Анткени болочок мураскор өлкөнү башкара албай калса, жогорку бийлик башка саясий топтун колуна өзүнөн-өзү өтөөрү мыйзам ченемдүү көрүнүш.

XS
SM
MD
LG