Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

БИШКЕКТЕ АТУУЛДАРДЫ МЫЙЗАМСЫЗ ТЕКШЕРҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ


Бишкектеги милиция кызматкерлерине жергиликтүү жана чет өлкөлүк атуулдардын документтерин мыйзамсыз текшерүүгө, кармоого, тинтүүгө тыюу салынат. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы бейшембиде ушундай мазмундагы буйрук чыгарды. Бирок айрым коомдук ишмерлер милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин буйрук менен тыюу мүмкүн эмес экенин белгилешүүдө.

«Мыйзамдарды сактоо, атуулдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам чегиндеги кызыкчылыктарын коргоо жөнүндөгү» бул буйрукту Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, ички иштер министринин орун басары Кеңешбек Дүйшөбаев чыгарды. Анын бейшембидеги маалымат жыйынында айтканына караганда, буйрук «адам укуктарын урматтаган өлкөдө» атуулдардын укуктарын, эркиндиктерин коргоого багытталды. Кеңешбек Дүйшөбаевдин пикиринде, буйрукка ылайык төрт учурда гана милиция кызматкерлерине атуулдарды кармоого уруксат берилет:

- Эгерде адам Кылмыш кодексинде көрсөтүлгөн административдик тартип бузууга барса, болбосо күбөлөр же башка адамдар «кылмыш кылды» деп көргөзсө, эгер адамдардын өзүндө же кийиминде кылмыш кылганы тууралуу далилдер болсо же ошол адамды кылмышкер деп санаганга негиздүү бир себеп болсо, биздин кызматкерлер кармап, документин текшерип, ички иштер бөлүмүнө алып барып, керектүү материалдын негизинде камаганга укугу бар.

Мындай буйруктун чыгышына милиция адамдарды мыйзамсыз кармап, тинтип, камаган учурлар көп болуп жатканы тууралуу коомчулуктун пикирлери себеп болгон.

- Биз бул буйрук аркылуу адамдардын Конституцияда көрсөтүлгөн укуктарын коргоого аракет кылып атабыз, - дейт Кеңешбек Дүйшөбаев.

«Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев мындай буйруктун чыгышын «Рентонгрупп» компаниясынын аманатчыларынын 15-октябрдагы нааразылык акциясында «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун башчысы Азиза Абдрасулованын мыйзамсыз кармалышы менен байланыштырды. Э. Алиевдин айтымында, кандай болгон учурда да бул буйруктун салмагы жок. Органдар милдеттүү түрдө чыгарып келген мындай буйруктар эгемендүүлүктөн кийин такыр эле аткарылбай калган. Себеби, органдар азыр атуулдардын укуктарын коргогонго караганда саясатка көбүрөөк аралашып алышты.

- Себеби, азыркы биздин органдар саясий күч болуп калды. Жогору жактан буйрук болсо, мыйзамды карабай эле барып камайт. Көп эле мисал келтирсе болот. Бизде Жунусбеков Төрөкан деген бар. Эч негизсиз эле бир жарым сутка кармап, соттоп, жаман кылышты эле. Эми туура эмес камалгандыгы сот аркылуу аныкталса деле бул боюнча эч кандай чара көрүлгөн жок, - дейт Эмил Алиев.

Ички иштер тармагы болсо мыйзам чегинде иштеп жатканына бекем ишенет. К.Дүйшөбаевдин айтымында, кызматтык кылмышка каршы тынымсыз чара көрүлүүдө. Быйыл милициянын ар кандай кылмыш жасаган 12 кызматкери жоопко тартылды.

- Бул, биздин кызматкерлер жасап аткан тартип бузууларды да, кылмыштарды да жаап-жашырбастан, тескерисинче, принципиалдуу түрдө аларды ачыкка чыгарып, өзүбүз сот жообуна тартып атканыбызды далилдеп жатпайбы, - дейт К.Дүйшөбаев.

«Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөкан Исмаилова «милициянын зордук-зомбулугун бир буйрук менен токтотуу мүмкүн эмес» деп эсептейт. Ал эгемендүүлүк жылдары саясий өнөктүктөргө катышкандардан тартып, базарларда соода кылып күн көргөн атуулдарга чейин миңдеген адамдар милиция кызматкерлеринен мыйзамсыз ыдык көргөнүн айтат. Анын пикиринде, мындай мыйзамга каршы аракеттерди жоюш үчүн мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизиш керек.

- Бизге бир күндүк буйруктардын, токтомдордун кереги жок, - дейт Төлөкан Исмаилова. - Мыйзам чегинде, элдин катышуусу менен мыйзамдарга жакшынакай толуктоолор киргизилиши зарыл. Чоң платформалуу, комплекстүү программа керек.

Бишкек шаардык ички иштер кызматы бул жаңы буйруктун негизинде жакынкы күндөрү башкармалыктын бардык бөлүмдөрүндө атайын иш-чараларды өткөрмөкчү. «Ал эми кылмыштуулукка каршы мыйзамдуу чара көргөнгө буйрукта көрсөтүлгөн төрт негиз жетиштүү болот» дейт К. Дүйшөбаев.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG