Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ ИРАК БОЮНЧА РЕЗОЛЮЦИЯНЫ КАБЫЛ АЛДЫ


Бейшембиде Ирактын жакынкы келечегин аныктаган резолюцияны БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчө өлкөлөр бир добуштан колдоп беришти. Эми октябрдын аягында Мадридде Иракты кайра курууга салым кошчу донор-өлкөлөр менен эл аралык уюмдардын жыйыны өтөт. Анын алдында америкалык сенаторлордун тобу Вашингтон Ирак менен Ооганстанга деп сураган кошумча 87 млрд доллардын 10 миллиардын ирактыктарга карызга берүүнү сунуш кылышты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде добуш берүү башталаарына бир нече саат калганда, Франция, Германия жана Орусия өз ара акылдашкан соң, Вашингтон сунуш кылган резолюцияны колдоп добуш берүүнү макулдашканын жарыялашкан. Ирактагы согушка каршы чыккан Сирия да бул ирет документти колдоп берди. Коопсуздук Кеңеши жактырган резолюцияда БУУга мүчө өлкөлөргө Иракка өз аскерлерин жөнөтүп, өлкөнү калыбына келтирүүгө каражат бөлүштүрүү чакырыгы камтылган. Андан сырткары Ирактын жетекчилиги 15-декабрга чейин өлкөнүн конституция долбоорун жана жаңы шайлоо өткөрүүнүн планын даярдашы керектиги айтылат. Коопсуздук Кеңешинин бул күнкү чечимин Улуттар Уюмунун башкы катчысы Кофи Аннан ирактыктар үчүн маанилүү чечим катары баалады.

- Добуш берүүнүн натыйжасы Коопсуздук Кеңешинин бардык мүчөлөрү Ирак элинин кызыкчылыктарын баарынан жогору койгонун бышыктайт. Биздин жалпы максат – демократиялуу жана көз карандысыз Иракта тез арада бейпилдик жана стабилдүүлүк орнотуу.

Ал учурда Вашингтондо АКШ Иракты кайра куруу иштерине сарптачу каражаттын тегерегинде кызуу талкуу жүрүп жаткан чак. Шаршембиде эки партиянын өкүлдөрүнөн турган сенаторлор тобу президент Жорж Буш Ирак менен Ооганстанга деп сураган 87 млрд долларлык кошумча каражаттын 10 млрд долларын ирактыктарга карызга берүүнү сунуш кылышты. Андан мурдараак президент Буш Иракка 20 млрд доллардан ашыгыраак акчаны жардам иретинде тартуулоо демилгесин көтөргөн. Сенаторлор тобу болсо, ал каражаттын жарымын карызга чегерүүнү талап кылышууда. Конгресстеги демократтардын көбү бул сунушту колдоп чыгаары талашсыз, алар көптөн бери ирактыктардын турмушун оңдоп-жакшыртууга америкалык салык төлөөчүлөрдүн акчасы эмес, Ирактын ири мунай запастарынан түшкөн каражат жумшалышы керек деп басым жасап келатканы маалым.

Вашингтондун эсебинде, Ирактын чет мамлекеттер алдындагы жалпы бересеси 120 млрд доллардан ашат. АКШ президенти Жорж Буш өлкөнүн согуштан кийинки акыбалын эске алуу менен, Ирактын буга чейинки карызынын 90%ы таандык башкы кредиторлор – Франция, Орусия, Сауд Арабия Багдаддын эски аласасын кечсе, Вашингтон да өз үлүшүнөн баш тартууга даяр деп билдирген.

АКШ Конгрессинде Иракка бөлүнчү каражат ушул аптанын аягына чейин талкууланышы күтүлөт. Бейшембиде Өкүлдөр палатасындагы демократтардын лидери Нэнси Пелоси: "Вашингтон сураган 87 млрд доллар президент Буштун зыяндуу саясатын гана көкүтөт, ошондуктан биз ага каршы добуш беребиз", - деп жар салды. Анткен менен, Сенаттагы алдын-ала добуш берүү маалында республикачылар үстөмдүк кылган палата Ирактагы америкалык аскерлердин санын дагы 10 миң адамга көбөйтүү маселесин жактырды. Пентагон болсо, Ирактагы аскерлердин санын кеңейтүү кажетсиз деп эсептейт. Вашингтон Иракка бөлүнчү каражат, ал жакта бейпилдик миссиясын аркалачу аскерлер тууралуу акыркы чечимин ушул айда Мадридде чогулчу донорлордун жыйынына чейин аныктап алууга умтулууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG