Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

КЫТАЙДЫН КОСМОСТУК ИЛИКТӨӨДӨГҮ ИЙГИЛИГИНЕ АЙРЫМ ЖАПОНДОРДУН ИЧИ КҮЙҮҮДӨ


Тынчтыкбек Чоротегин (Tynchtykbek Chorotegin), Прага шаары Кытайдын туңгуч космонавты Яң Ливей орбитада он төрт ирет айланган соң: аман-эсен Жерге конду. Кытайдын “Гагарининин” бул ийгилигине бүт дүйнө ыраазы болууда.

Ханзу космонавты ("taikonaut") Яң Ливейдин (Yang Liwei) сапары 21 гана саатка созулду. Ал 600 миң чакырымдай аралыкты баскан соң, бейшемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 6:23тө Ички Монголиянын кеңирсиген талаасына келип конду.

38 жашар космонавттын бул эрдиги – Кытай үчүн космосту иликтөөнүн жаңы доорун ачты. Эми өлкө Орусия жана АКШдан кийин өз алдынча космонавтты учурууга жетишкен үчүнчү өлкө болуп калды.

Кытайдын космос агенттигинин космонавттарды учуруу боюнча программасынын деректири Ши Миң Бао бул окуя тууралуу мындай деп билдирди:

- Бүгүнкү күн, 2003-жылдын 16-октябры, бардык кытайлыктар эстеп, сыймыктанып жүрчү окуя болуп калды, анткени дал ушул күнү биз космоско өз космонавтыбызды өз алдынча учурууну ийгиликтүү түрдө жүзөгө ашырдык.

Ал эми кытайлык туңгуч космонавт Яң Ливей болсо бул учуу үчүн адистик камылгасы мыкты болгонун айтты:

- Учуу маалында мен ашкере толкунданган жокмун, анткени узак жылдар бою машыгуудан өтүп, психологиялык жактан да буга даяр болчумун.

Яң Ливей жайгашкан капсул алдын-ала эсептелген жерден дээрлик беш чакырымдай алысыраак жайга конгон экен. Премьер Вен Цзябао космонавтты Кытай жетекчилигинин атынан телефон аркылуу куттуктады.

АКШнын космос агенттиги НАСА, орусиялык космос агенттиги жана башка дүйнөлүк космос иликтөө институттары, бир катар өкмөттөр Кытайды ири ийгилиги менен куттукташты.

Алардын арасында орус президенти Владимир Путин, жапон премьер-министри Йунитиро Коидзуми да болду.

Айтмакчы, Кытай жылына 2,2 миллиард долар акча каражатын космостук иликтөөлөргө жумшоодо. Жапония болсо жылына бул багытта 1,7 миллиард доллар жумшайт. Бирок, кытайлыктардан айырмаланып, Жапония космонавтын өз алдынча учурууга ашыкпастан, АКШ жетишкен ийгиликке таянуу менен, өтө татаал технологиялык долбоорлорду каржылоодо. Ошондой болсо да, жапондор кытайлыктардан артта калганына саал ичи ачышып калганын “Токио Симбун” басылмасы жазып чыкты.

Индия болсо 2008-жылга карата учкучу жок космостук аппаратты Айга кондуруу үчүн камылгаларын улантууда. Анын азыркы көйгөйү – көбүнесе коңшу Пакистандын орто аралыктагы баллистикалык ракеталарды сыноосу менен байланыштуу болууда.

Кандай болсо да, кытайлык “Гагарин” өзүнүн ишин жасады. Эми ханзулар бир-эки жылдын ичинде өздөрүнүн “Титовун” да космоско аттандырмакчы. Дүйнө калкы үчүн мындай тынчтык максаттагы долбоорлордун жүзөгө ашырылышы шыктандырчу гана окуя экени талашсыз.
XS
SM
MD
LG