Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:08

БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫ ЖУРНАЛИСТТЕРДИН ШАЙЛОО УЧУРУНДАГЫ ҮГҮТ УКУГУН ЧЕКТЕГИСИ КЕЛЕТ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Шайлоо кодексине жаңы норма киргизүүгө белсенип калды. Ага ылайык эл аралык жана чет элдик массалык маалымат каражаттары шайлоо учурунда үгүт өнөктүгүнө катышуу укугунан ажырайт. Бирок кээ бир байкоочулардын баамында, баары бир кыргыз парламенти БШКнын бул сунушун өткөрбөйт.

Борбордук шайлоо комиссиясы кийинки шайлоолордо чет мамлекеттерге тиешелүү маалымат каражаттарына саясий реклама жасоого тыюу салмак болду. Бирок азырынча Шайлоо кодексине киргизилчү бул норма парламентке жете элек. БШКнын жетекчиси Сулайман Иманбаевдин түшүндүргөнүнө караганда, шайлоо процессин чет элдик маалымат каражаттарынын жана чет мамлекеттердин капиталынын таасиринен сактоо керек. Анын пикиринде, бул норма ириде улуттук коопсуздук үчүн зарыл. Эгер шайлоодо тигил же бул чет элдик гезит же радио кайсы бир талапкерге саясий реклама жасап берсе, ал маалымат каражаты жабылаарын Сулайман Иманбаев мырза «gazeta.kg» интернет-гезитине билдирген.

Бул норма коомчулукта кайчы пикирлерди жаратууда. Айрыкча буга Орусиянын Кыргызстандагы басылмалары каршы чыгышууда. «Московский комсомолец» гезитинин башкы редактору Александр Банниковдун айтымында, эгер бул сунушту парламент да жактырса, ал демократияга каршы кадам болуп калат. Ал «Кыргызстан демократияны тутунган өлкө экени чын болсо, орусиялык маалымат каражаттары жергиликтүү басылмалардан эч нерсеси кем болбошу керек» деген ойдо. Банников мырза, мисалы Орусияда бардык маалымат каражаттары бирдей укукта экенин баса белгилейт.

Ал эми кесиби журналист, депутат Оксана Малеваная шайлоо учурундагы кошумча каражаттын булагынан ажырап аткан кесиптештерин аяйт. Анын оюнда, орусиялык гезиттердин бул жердеги тиркемелерин жергиликтүү журналисттер чыгарышат. Ал тиркемелер Кыргызстандын Юстиция министрлигинен каттоодон өтүшкөн. «өз атуулдарыбызды каражат табуу шартынан ажыратканыбыз болбойт» дейт Оксана Малеваная.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде «Би-Би-Си», «Азаттык», «Российская газета», «Немецкая волна», «Интерфакс», «ИТАР-Тасс», «Комсомольская правда» өңдүү 20га жакын чет элдик маалымат каражаттары катталган. БШКнын маалымат-аналитика бөлүмүн жетектеген Нина Мухинанын айтымында, Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясына ылайык бул маалымат каражаттары шайлоого аралаша алышпайт:

- Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 54-резолюциясына ылайык, чет мамлекеттер жана чет элдик уюмдар шайлоо өнөктүгү учурунда үгүт иштерине аралашууга акысы жок. Биз ушуга жана Шайлоо кодексинин 30-беренесине таянып атабыз. Анда да чет мамлекеттердин жана чет элдик уюмдардын тигил же бул талапкерге үндөшүнө тыюу салынган.

Бирок бул нормада азырынча тактала элек жерлери арбын. БШК башка бир жагынан «аттары аталган массалык маалымат каражаттары шайлоонун жүрүшү тууралуу калкка маалымат бергенге укуктуу» деп ырастоодо. Бирок маалымат берүү менен саясий рекламанын ортосун так ажыраткан укуктук документ жок. БШК, мисалы, «Азаттыктын» «тегерек үстөлдөрүн» да саясий үгүт катары санаарын Нина Мухина өз сөзүндө белгилеп өттү. Демек, бул жерде талаша турган маселе арбын.

«Интерфакс» агенттигинин Кыргызстандагы бөлүмүнүн башчысы Игорь Шестаков айткандай, ар бир жарык көргөн материалды иликтеп турчу атайын эксперттик топ болбосо жагдай оорлоп калышы ыктымал. Анын пикиринде, Кыргызстандын эл аралык алкактагы, мисалы, ошол эле Орусия менен мамилесине терс таасирин тийгизчү чатактардын болбошу үчүн баарын алдын-ала ойлонуу абзел.

Бирок али бул норма турмушка кире элек. Парламенттеги маанайга караганда, кирбей да калышы ыктымал. Депутат Кабай Карабековдун айтымында, парламент бул жаңы мыйзамдык норманы жанына жакын жолотпойт.

- Мен буга каршымын. Бул норма парламенттен да өтпөйт деп ойлойм. Алар орусиялык болгону менен бул жерде каттоодон өткөн, бул жерде чыгат жана Кыргызстанда эмне окуялар болуп атканын жазышат. Бул норманы парламентте эч ким бекитип бербейт. Эгер бул норма өтүп кетсе, акылсыздык болот. Анын үстүнө, кыргыз мыйзамдарында «саясий реклама» деген түшүнүк чечмеленген эмес. Анан БШК эмнеге таянып иш кылган атканы түшүнүксүз, - дейт Кабай Карабеков.
XS
SM
MD
LG