Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

БҮГҮН ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК ТҮЛҮК КҮНҮ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Дүйнө жүзү боюнча жылына миллиондогон балдар чоң кишинин курагына жетпей, өмүр менен кош айтышат. Ал эми дагы миллиондогон чоң кишилер дүйнөдөн күч кубатка толбой өтүп кетишет. Бул кайгылуу көрүнүшкө ачарчылык себепкер. Улуттар Уюму 2015-жылга чейин ачарчылыктан жабыркагандардын санын 50 процентке азайтууну максат кылып койгон. Бирок ал максат реалдуу эмес болгондуктан, амбициялуу пландар кагаз бетинде кала берчүдөй.

Белгилүү болгондой, дүйнөдө адамдардын баарын тойгузууга кенен жетишээрлик азык-түлүк өндүрүлөт. Бирок ошого карабай, дүйнөдө 840 миллион киши өнөкөт ачарчылыктан жабыркайт. Алардын басымдуу бөлүгү - өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн тургундары.

1996-жылы өткөн Дүйнөлүк Азык-Түлүк Саммитинин катышуучулары 2015- жылга чейин ачарчылыктан жабыркагандардын санын 50 процентке кыскартууга убада беришкен. Бирок өткөн алты жарым жыл бул пландын өтөлүнө чыгуу мүмкүн эмес боло турганын айгине кылды. Ачарчылыктан жабыр тарткан адамдардын саны жылына болгону 2 жарым миллионго кыскарууда. Эгерде сөз кылып жаткан план ушундай илең-салаңдык менен ишке ашырылса, ачарчылыктан жабыр тарткандардын саны 2115-жылы гана теңине кыскарат.

Бирок ошондой болсо да, Улуттар Уюмунун Азык-Түлүк жана Айыл Чарбачылыгы уюмунун башкы директорунун орун басары Ева Клейтон ачарчылыкты жойууга дүйнө коомчулугунун кудурети жетээрине ишендирет:

- Биз ачарчылыкты токтото алабыз. Биз дегеним, - биз баарыбыз. Эгерде өзүбүздүн күч-кубатыбыз менен ресурстарыбызды бириктирсек, ачарчылыкты токтотсо болот. Ачарчылыкка Каршы Альянс баардык өлкөлөрдөгү шериктердин башын кошуп, ар бир өлкөнүн ачарчылыкты жойууга болгон чын ыклас ниетин ширетет.

Клейтондун айтымында, эң ириде өлкөлөрдүн ачарчылыкты жойууга багытталган улуттук програманы иштеп чыгуусу жана аны ырааттуу ишке ашыруусу алдыга койгон максатка жеткенге көмөк болот. Андай өлкөлөргө биз материалдык жактан көмөктөшүүгө, ал эми ачарчылыкты жойууну ички саясаттын приоритеттүү багыты кыла электерди моралдык жактан колдоого тийишбиз, - ейт Улуттар Уюмунун өкүлү.

Тагдырдын тамашасыбы, эт, сүт, май, дан сыяктуу негизги айыл чарба продуктуларын мол өндүрүү мүмкүн болгон, айыл чарбачылыгын жүргүзүүгө ыңгайлуу региондордо ачарчылык күч. Элет жеринде дүйнө калкынын 75 проценти жашайт. Бирок миллиондогон адамдар ошол өздөрү жашаган айыл- чарбачылыгына жарактуу жерлерди пайдаланганга укугу жок. Эл Аралык Жер Коалициясы деген өкмөттөр аралык, өкмөттүк жана коомдук уюмдардын бирикмесинин өкүлү Брюс Моор андай ахвалды өзгөртүү мүмкүн экенине ишенет. Моор сөзүн мындай деп бышыктайт:

- Мисалы, Малавиде 200 элеттик аял жер айдап, айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүргөнгө укук алышкан. Анткени Малавинин жер боюнча жаңы мыйзамдарына ылайык, аялдарга жерди ижарага алууга уруксат берилген. Ал эми Угандада Уганда Жер Альянсы деген шеригибиз дыйкандарга алардын укуктары жөнүндө консультация берип, жерди ижарага алууларына юридикалык жактан жардам көрсөтүүдө.

Моор мырза сөз кылган угандалык өкмөттүк эмес уюмдардын жардамы менен өлкөнүн көптөгөн аялдары азык-түлүк маселесин үй-бүлөө деңгээлинде чечкенге жетишкен.

Жерди ижарага алуу мыйзамында эмне себептен аялдарга проиоритеттик укук берилип жатканын түшүнүү кыйын эмес. Аял балдардын энеси, үйдүн очок ээси болгондуктан, үй- бүлөнү багуунун түйшүгүн да негизинен аял тартат. Уганданын Жер Альянсынын өкүлү Маргарет Ругадья мындай дейт:

- Жерди ижарага алуу укугу менен аялдар бала-бакырасынын жардамы менен өстүрүлгөн түшүмдүн канчасын сатып, канчасын үйдө калтырууну өздөрү чечишет. Анткени Угандадагы ачарчылыкка себеп болуп жаткан дагы бир жагдай: өстүрүлгөн түшүмдүн ири бөлүгү үй-бүлөнү багууга жумшалбастан, үй- бүлө башчысынын, тактап айтканда, эркектин өзүм билемдиги менен базарга соодаланып жиберилип жатканында. Анын натыйжасында үй-бүлө ачарчылыктан жабыр тартууда.
XS
SM
MD
LG