Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

ТАМАКТЫН БААРЫ ЭЛЕ АШ БОЛБОЙТ


Байян Жумакадыр кызы, Прага Америка Кошмо Штаттарында ашыкча салмак кошуу жана семирип кетүү - калк саламаттыгынын көйгөйлүү маселелеринин бири. Медиктер семирип кетүүнү ден соолукка зыян, өтө калориялуу, арзан даяр тамак аштын көп желгени менен байланыштырышат. Алардын пикиринде, андай арзан тамак-аш индустриясынын өөрчүшүнө экономикадагы процесстер себепкер.

Америкада ашыкча салмак кошуу эпидемия мүнөзүнө ээ болду десек жаңылышпайбыз. Анткени расмий маалыматтар боюнча, ар беш америкалыктын үчөө ашыкча салмактан жабыр тартат. Семирип кетүү дартына арзан, өтө калориялуу тез бышкан даяр азыктарды көп жеген балдар айрыкча көп дуушар. МэкДональдс, Кей-Эф-Си сыяктуу ашканалардын тамак ашы, үйгө ысуулай бойдон жеткирилип берчү пиццалар америкалык үй-бүлөөнүн салттагы кечки тамагы болуп калды. Медиктер калкты семиртип ийген мындай азыктардын кесепетинен азыркы балдардын өмүрүнүн узактыгы адаттагыдан кыскараак боло турганын айтып жатышат.

Адистер америкалыктардын семирип кетүүсү өлкөнүн айыл чарбачылыгындагы карама-каршылыктуу процесстер менен түздөн-түз байланышта экенин айтышат. Муну Нью-Йорк Таймс гезитинин серепчиси Майкл Полан изилдеп чыгып, калктын семирип кетүүсүнө эгиндин ого эле мол өндүрүлүп, анын базардагы баасынын арзандоосу себеп болгонун жазат. Тойут данынын арзандыгы, өз кезегинде, бодо жана тоок этинин мол өндүрүлүшүнө алып келет. Натыйжада тоок менен уй этинен жасалган азыктардын баасы болуп көрбөгөндөй төмөндөп кеткен.

Мисалы, үч доллардын тегерегиндеги акчага очойто эт салынган, эки кабат таттуу нанга оролгон гамбургер менен майга боорсок сымал куурулган картөшкө жана түрдүү консерванттар менен бойоктор кошулган бир бөтөлкө кока-кола сатып алса болот. Андай тамак кардарды арзандыгы менен эле эмес, токтугу менен да өзүнө тартат. Арзан тамактын өтүмдүүлүгүнө шыктанган МэкДональдс ээлери ашкананын күндөлүк менюсун куурулган тооктор, ичине варенье салынган боорсок түспөлүндөгү даамдар менен толуктап келатышат. Тез даам ашканаларындагы азыктардын порциялары барган сайын чоңойуп баратат. МэкДоналдста эки кабат куурулган эт менен кош кабатталган таттуу нандан жасалган гамбургерлердин олчойгон порциялары сатылат. Анын арзандыгына кызыккан кардар, бул тез тамактын сиңимдүүлүгү начар, ден соолукка зыян экенине кайыл. Андай азыктан семирип кетүү жана түрдүү ооруларга кириптер болуу коркунучу көбөйүп баратканын татуу тамакка табити тартып жаткан кардардын этибарга алгысы жок.

Америкалык адистердин пикиринде, калктын ашыкча салмак кошуу проблемасын дан эгиндери, эт, май, каймак сыяктуу продуктулардын базар баасын иретке келтирип, базарга ого эле арзан продуктулардын агылуусуна бөгөт койуу жолу менен чечүү мүмкүн. Америкалыктардын тамактануу жолойундагы ушул сыяктуу проблема буга чейин ийгиликтүү чечилгенин айта кетели. Нью-Йорк Таймс гезитинин серепчиси Майкл Поллан 19-кылымда орун алган арак ичүү проблемасын мисал келтирет.

Ал мезгилде америкалыктар ичкиликти капилеттен эле көп иче башташкан. 19-кылымдын 20-жылдарында бир америкалык эркек, орто эсеп менен, жылына 22 литрден спирттик ичимдик ичип турган. Бүгүн бир америкалык чоң кишиге, ары дегенде, төрт литрден арак ичимдиги туура келет. Анда америкалыктар үчүн эртең менен, түштө, кечинде бир рюмкадан виски ичип алуу көнүмүш адат эле. Виски жумуш ордунда да мол ичилип, азыр иш маалында кофе ичүү үчүн кандай танапис кылынса, анда жүз грамм вискиден басып алуу үчүн атайын танапис кылынчу экен.

Жазууучу Рорабат "Мас болгон Республика" деген чыгармасында жазгандай, америкалыктар уятынан эле жекшемби күнү эртең менен чиркөөгө барганда ичишчү эмес экен. Жорж Вашингтон, Томас Жефферсон жана Жон Адамс сыяктуу лидерлер мекендештерин алкоголдон калкалоонун түрдүү айла-амалдарын жасап көрүшкөн. Бирок калк арасында акыл-насаат айтуу, ичкиликке киргизилген түрдүү чектөөлөр да жардам берген эмес. Текейден арзан вискинин кызыгына баткан америкалыктарды эч нерсе алаксыта алган эмес.

Калктын ичкени базардагы арзан дандын агымы буулуп, алкоголдук ичимдиктин баасы кескин жогорулаганда гана сээлдей баштаган. Ан үчүн өкмөт эгинди ого эле көп өндүргөн дыйкандарга субсидия берип, эгиндин баасын кымбаттатып, дыйкандарга быйыл өндүрүлгөн эгинди келээрки жылы сатууга уруксат берген. Өкмөт ошондой эле, эгинди дыйкандардан кымбат баага сатып алып, кийин убагы келгенде аны өзүнүн соода мекемелери аркылуу сата баштаган. Натыйжада, арзан дандын агымы кан буугандай токтоп, виски чыгаруу кыскарып, ичимдиктин баасы да кескин кымбаттаган.

Серепчи Майкл Полан семирип кетүү проблемасын эгиндин, айрыкча тойут данынын, арзандаганы менен байланыштырат. Анын айтымында, эгерде дандын баасы кымбаттаса, эт, май, каймак сыяктуу продуктулардын өздүк наркы кымбаттап, тез бышкан даамдарды чыгаруучу өндүрүш тармагы да тизгинделет. Натыйжада, калкты ден соолукка зыян келтирген тамактан калкалап калуу мүмкүн болот, дейт серепчи.
XS
SM
MD
LG