Кечээ күнү АКШнын Ривесайд шаарында Калифорния штатынын жаңы губернатору болуп шайланган Арнолд Шварценеггер менен президент Жорж Буш жолугуп сүйлөштү. Сүйлөшүүдөн кийин алар журналисттер менен жолукканда, Буш минтип сүйлөдү: "Жолугушуу абдан жакшы болду жана экөөбүздүн ортобузда бир топ окшоштуктар бар экен. Экөөбүз тең жакшы үйлөнүптүрбүз. Экөөбүздү тең англис тилин жакшы билбейт деп күнөөлөшөт. Экөөбүздүн тең булчуңдарыбыз жакшы - үчөөнүн кеминде экөө. Жана экөөбүз тең өлкөбүздү сүйөбүз".