Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

ЖАТ ЖЕРДЕ ЖАКЫНЫНАН ЖАБЫР ТАРТКАНДАР


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Айрым маалыматтар боюнча, Орусияда 500 миңден ашуун кыргыздар соода-сатык, жалданма иштер менен алектенип жан багып жүрүшөт. Алар бир жагынан ошол жердин жергиликтүү милиция кызматкерлеринин ар кандай кодулоосуна дуушар болсо, экинчи жагынан өз арасынан эле айрым адамдардын ар кандай зомбулугуна кабылып, көп кыйынчылыктарга кириптер болушат. Ич ара ынтымагы кетип, бири-бири менен сырдашуудан айбыгышат. Андан арылуунун жолдорун издешет.

Кечээ «Азаттык» радиосуна Орусиянын алыскы бир шаарынан телефон чалып калышты. Алар өздөрүн тааныштырган соң, соода-сатык кылып жүргөн шаарда көргөн кыйынчылыктары тууралуу айтып беришти. Биз алардын жеке коопсуздугу үчүн алардын аты-жөнүн, жүргөн жерин жана аларга зордук-зомбулук көргөзгөн кыргыз жигиттердин ысмын ачыкка чыгарбай турууну туура таптык. Орусиянын жүздөгөн шаарларында соода-сатык иштери менен алектенип жүргөн кыргыздар үчүн көнүмүш адатка айланып калган мындай көрүнүштү бизге кайрылган адамдар мындайча маалымдашты:

- Мен Орусиядан телефон чалып жатам. Бул жерде абал кыйындап баратат. Анткени бул жердеги эл башы кыргыздарды экиге бөлүп, биздин үстүбүздөн рэкеттерди салып, жарымыбызды урдуруп жатат. Себеби, ал жаңы базар ачып алып, дагы пайда көрүш үчүн элди коркутуп-үркүтүп жатат.

Мындай арыз-муңду анын жанындагы жаш кыз өзүнүн башынан өткөргөн мындай окуя менен толуктай кетти:

- Ошол жерде биринчи акемдин баласын уруп кетишти. Ага болуша калганы үчүн акемдин мурду-башын канжалатып уруп киришти. Анан мен аял башым менен чыдай албай болуша кеттим. Алар менин чачымы жулуп, элдин алдында кордошту. Алар кеткен соң алардын шериги бизди коркутуп кирди. Ал шериги кыргызстандык эле жигит. «Убагында ал кылмыш ишине аралашканы үчүн укук коргоо кызматкерлеринен качып келип, ушул жерде жүрөт» деп айтып жатышат. Эми эмне кылаарыбызды билбей калдык. Айылыбызга эле кетип калсакпы деп ойлонуп жатабыз.

Мына ушундай окуя күн сайын кайталанып тураарын биз сурамжылаган адамдар да бышыктап келишет. Кыргызстандагы жумушсуздуктун, жарытпаган эмгек акынын айынан Орусияны түрө кыдырып, соода кылып жүргөн кыргыздар көпчүлүк учурда пенделик тар кызыкчылыктары үчүн өз мекендешин ошол жердеги шектүү адамдардын бутасына алдырып, азап-тозок менен тапкан акчасын тартып алып, же болбосо товарларын алдыртып, аны өз ара бөлүшүп алган фактылар көп кездешээрин Орусияда эмгектенип жаткандар көп айтышат. Улам-улам ошондой талап-тоноого туш болуп банкрот болгондор да жок эмес. Бул тууралуу Орусиядагы кыргыз диаспорасынын «Замандаш» коомдук бирикмесининин вице-президенти Жумадыл Абдуллаевге кайрылсак, ал да муну жокко чыгарган жок.

- Мындай эпизоддор көп, - дейт Жумадыл Абдуллаев. - Өзгөчө мен бөлүп айтат элем, «Новосибирск, Самара, Саратов шаарларында мындайлар көп кездешет» деген сөздөр бар. Анан мындай көрүнүштөр Екатеринбург шаарында болгон экен. Азыр эми бул маселе ошол жердеги жигиттердин күчү менен чечилген экен.

- Ушундай абалдан чыгуунун жолу барбы?

- Биздин республиканын Ички иштер министрлиги ошол жердеги федералдык округдун же болбосо ошол эле облустун, шаардын ички иштер бөлүмү менен биргелешип иш алып барса болот эле. Анын үстүнө буга чейин бирин-серин гана кайрылуу болбосо, жапа чеккен адамдар эч кимге кайрылбай жүрүшкөн. Мындан өзгөчө карапайым адамдар көп жапа чегип атышат. Алар кимге кайрылаарын да билишпейт. Алар биздин бирикме аркылуу же ошол жердеги жергиликтүү уюм аркылуу деле кайрылса болот эле. Мындай маселелерди атайын кайрылуу менен, чечкиндүү аракеттер менен бүтүрсө болот. Буга шек жок.

«Кыргызстандан убактылуу сыртта жашап жүргөн кыргыздарды ушундай сабап-тоноодон ким коргойт?» деген сурообузга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкуловдун жообу мындай болду:

- Орусиянын аймагында болуп жаткан кандай гана кылмыш иштери болбосун, анын аткаруучусу кыргыз болобу же башка болобу, Орусиянын ички иштер органдары аракетке келет. Ошондуктан жабыр тарткан биздин мекендештер Орусиянын ички иштер органдарына, Кыргызстандын Орусиядагы консулдугуна кайрылышы керек. Бул эми мыйзамдык жагы. Ал эми чет жерде бир туугандыкты сактабай, өз элинен барган адамга ошол жерде үстөмдүк кылган адамды эмне деп атаарымды билбей турам…

Ошентип, Орусияда убактылуу жашап, соода-сатык менен алектенип жүргөн кыргыздардын абалы алыскы жерде көңүл кубанаарлык эмес. Балдарынан, өмүрлүк жолдошунан, ата-эне, тууган-уругунан алыста жүрүп бир кусаланса, экинчи жагынан өз мекендешинен көргөн кордугу бир тең болуп заманасы тарып турган учуру. Жакырчылыктан жедеп айласы куруп, жаналакетке түшүп, жашоо шартын оңдош үчүн болушунча аракет көрүп жүргөн кыргыздар алыскы жерде ушундай тагдырга туш болууда. Ал эми Кыргызстанда 2004-жыл «жакырчылыкты жоюунун, акыйкат башкаруунун жылы» деп жарыяланды. Алардын эпкини Орусияда жүргөн жарым миллион кыргызга жетээр бекен?

XS
SM
MD
LG