Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:19

ИРАК: БУУнун РЕЗОЛЮЦИЯСЫ КАБЫЛ АЛЫНДЫ, ТАЛАШТАР ТАМАМ БОЛО ЭЛЕК


Бейшемби күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Ирак боюнча жаңы резолюция колго салынды. Добуш берүү Вашингтондун дипломатиялык жеңиши менен аяктады. АКШнын негизги оппоненттери болсо резолюцияны согуштан кийинки көйгөйлөрдү чечүүдө бир консенсуска келүү максатында колдошконун белгилешти. “Бул чечим - эми Франция, Германия жана Россия сөзсүз түрдө өз аскерлерин Иракка жиберет дегенге жатпайт”, - деп билдиришти үч өлкөнүн элчилери.

Ошентип алты аптага созулган өз ара сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү АКШ сунуш эткен резолюцияны бир добуштан жактырышты. Негизги талаш Ирактагы башкаруучулуктун жергиликтүү органдарга өткөрүлүп берүү датасы резолюцияда так көрсөтүлсүн жана БУУнун саясий ролу даана аныкталсын деген маселелердин айланасында болуп келген. Добуш берүүнүн алдында Франция, Германия жана Россия бул талабынан баш тартууну чечишти.

БУУнун башкы катчысы Кофи Аннан Коопсуздук Кеңешинин чечимин Ирактын келечеги үчүн жасалган оң жышаана катары баалады:

- Добуш берүүнүн жыйынтыгы Коопсуздук Кеңешинин бардык мүчөлөрү Ирак элинин кызыкчылыгын башка маселелерге караганда артык көрөөрүн айгинелейт. Биздин максат - эгемен жана демократиялык Иракта тынчтык менен туруктуулукту мүмкүн болушунча тезирээк орнотуу.

АКШ президенти Жорж Буш болсо Ирактагы тынчтык жана демократия жараянына салым кошкондору үчүн Кеңештин мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

Резолюцияда Ирактын Башкаруу Кеңешине ушул жылдын этегине чейин жаңы конституциянын долбоорун иштеп чыгуу жана шайлоо өткөрүү мөөнөтүн атоо сунушу айтылат. Документте мындан тышкары АКШ баштаган күчтөрдүн оккупациясы убактылуу экени баса белгиленет. Ушул тапта өлкөнү башкарып жаткан Коалициянын утурумдук администрациясы бийликти ирактыктарга мүмкүн болгон учурда өткөрүп берээри да резолюцияда айтылган.

Көпчүлүк дипломатиялык жеңишти Буш администрациясына ыйгарып жаткан кезде, айрым саясатчылар менен эксперттер муну менен Иракка байланышкан бардык маселелер чечилип калбайт дешүүдө.
Добуш берүүдөн киийн Вашингтондун негизги трансатлантикалык оппоненттери Германия, Франция жана Россиянын элчилери журналисттердин суроолоруна биргелешип жооп берип жатып, резолюцияны колдоо менен биз орток пикирге келүүнү көздөдүк деп ырасташты. Бирок дипломаттар эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн алкагында өз аскерлерин Иракка жиберүү жана резолюцияда айтылган акчалай жардам көрсөтүү маселелери ачык бойдон кала берээрин баса белгилешти.

Германиянын БУУдагы элчиси Гюнтер Плойгер анын өкмөтү Ирактагы башкаруучулук жергиликтүү органдарга ылдамыраак өткөрүлүшүнө басым жасоону мындан ары да уланта берээрин айтты:

- Биздин оюбузча, бул резолюция Иракка тиешелүү айтылган соңку сөз эмес. Ирак боюнча дагы көптөгөн жаңы өзгөрүүлөргө, а балким жаңы резолюцияга да кабылышыбыз ыктымал. Биздин каалообуз – Иракты калыбына келтирүү ишинде жергиликтүү эл өзүн кожоюн катары сезсин.

Орус элчиси Сергей Лавров болсо өз армияларын Иракка жиберүүдөн баш тарткан мамлекеттер сөзсүз түрдө резолюцияга каршы добуш бериш керек деген ой жаңылыштык деп билдирди:

- Биз эң башынан эле Россия куралдуу күчтөрүн Иракка жибербейт деп айтып келатабыз. Бирок бул – биз Ирактагы реконструкция иштерин башка бир усулда колдоодон четтеп калабыз дегенди туюндурбайт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл өз кезегинде резолюция кабыл алынаар замат көп өлкөлөрдүн аскерлери бейпилдик күчтөрү катары Иракка жайгаштырылат деген ойдон алыс экенин айтты. Бирок ал донор мамлекеттердин Мадрид жыйынын утурлай кабыл алынган чечим өтө олуттуу мааниге ээ деген пикирде:

- Бардыгыбызды кайрадан бириктире ала турган резолюцияны кабыл алуу жолунда далай кыйынчылыктарга туш болдук. Пикир алмашуулар менен талаш-тартыштар улана берет. Бирок эми алар өтө конструктивдүү түрдө жүргүзүлөт.

Франциянын айрым маалымат каражаттары БУУнун резолюциясын президент Жак Ширакты оңтойсуз абалда калтырган чечим катары баалашууда.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG